Түрк басма сөзү 30.10.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

174867
Түрк басма сөзү 30.10.2014

«Акшам» гезити «Түркия өз салмагын салды» аттуу кабарында Эрбилден аба жолу аркылуу Шанлыурфага келген 150 кишилик пешмерге тобу Кобаниге келе электе Эркин Сирия армиясы ИШИМге каршы күрөшүү үчүн чек арадан өткөнүн маалымдаган.
Гезит террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы YPG, келген Эркин Сирия армиясы тобунун ИШИМге жакын болгону себеби менен Кобаниге кирбөөсүн талап кылганын, түрк жооптуулар болсо Эркин Сирия армиясынын жана пешмергенин бир убакта Кобаниге өтүшүнө чечим чыгарылганын, ушул себептен Эркин Сирия армиясы кирбесе пешмергенин да кире албай турганын билдиргенин жазып чыкты. Гезит ушул шарт боюнча YPG, келген Эркин Сирия армиясы тобунун Кобаниге киришине уруксат бергенин маалымдады.
«Стар» гезити «Иран 2015-жылы процесстен чыгарылат» деген кабарында эки өлкөнүн ортосундагы өтүү акылары боюнча талаш-тартыштан кийин Ирандын «Түрк жүк унааларына май сатпайбыз» деген жарыясынан кийин Түркия багытын Азербайжанга бурганын жазган.
Гезит Түркиянын жүк ташуучу унаалары 2015-жылдын биринчи чейрегинен баштап Түрк тилдүү мамлекеттерге Азербайжан аркылуу бара турганын маалымдаган. Гезит Эл аралык жүк ташуучулар коомунун төрагасы Фатих Шенер Азербайжан жана Түркмөнстан менен болгон кызматташтыктын жыйынтыгында Ирандан кетүүчү бардык транспорттун 2015-жылдын башында Азербайжан-Каспий жана Түркмөнстан багытынан кете турганын айтканын билдирген.
«Йени шафак» гезити «Алгачкы унаа 2016-жылдын акырында өтөт» деген маалыматында «Евразия тоннели» 2016-жылдын акырында салынып бүтөөөрүн жана унаа транспортуна ачыла турганын жазган.
Гезит проекттин үчтөн бирлик бөлүгүнүн бүтүрүлгөнүн айткан транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Лүтфү Элвандын тоннелден өтүү акысынын 4 доллар боло турганын жарыялаганын маалымдаган. Эсксе сала кетсек 4 кабаттуу бир үйдүн бийиктигиндей тоннел ачуучу машина менен күнүгө 10 метрден казылууда.
«Ватан» гезити «Текстилге 500 миллион доллардык жарманке допинги» аттуу кабарында Түрк текстил секторун дүйнөлүк моданын маанилүү фирмалары менен CNR EXPO Йешилкөйдө жолугуштура турган «Премьер визион Стамбул» жарманкеси башталды. Гезит жарманкенин эң чоң демөөрчүсү Улудаг текстиль экспортчулар биримдигинин (UTİB) төрагасы Ибрахим Буркайдын, «Бул жарманке аркылуу өзгөчө Итальян жана испан фирмалары жакынкы аймагыбыздагы базарларга жетүү мүмкүнчүлүгүн табышты. Сектордун эң маанилүү аткаруучулары бул жарманкеге келишти. «Премьер визион Стамбул» текстиль секторунда 500 миллион доллардык жумуш көлөмүн түзөт»,-деп айтканын берген.
«Хабер түрк» гезити «29-Октябрь Республика Майрамын майрамдашты» деген маалыматында испан футбол командасы Барселона 29-Октябрь Республика Майрамына байланыштуу куттуктоо жарыясын жасаганын жазган.
Гезит испан клубу 29-Октябрь Республика Майрамын расмий интернет барагына койгон бир видео менен белгиледи. Түрк желеги дүйнө жылдыздарынын арасында желбиреген куттуктоо видеосунда «Түркия республикасы 91 жашында! Чын жүрөктөн куттуктайбыз...»,-деп айтылганын жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар