Түрк басма сөзү 2.10.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

147256
Түрк басма сөзү 2.10.2014

«Миллийет» гезити «Түркиядан 6 университет дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин тизмесинде» деген маалыматында Жакынкы Чыгыш техникалык университети, Босфор университети, Стамбул техникалык университети, «Сабанжы», Билкент жана «Коч» университеттери «Дүйнөнүн эң мыкты университеттери» тизмесинде орун алганын билдирген.
Ушундайча Түркиядан 4 университет алдыңкы 200дүн ичине, бардыгы 6 университет болсо алдыңкы 400дүн ичине кирди. АКШдагы "California Institute of Technology" университети алдыңкы орундагы жерин төртүнчү ирет сактаган тизме, университеттердин изилдөө, маалымат бөлүшүү, эл аралык көрүнүшү, окутуу чөйрөсү сыяктуу өлчөмдөр эске алынып даярдалган.
«Хүррийет» гезити «Көгүлтүр агымдын көлөмү чоңоет» аттуу кабарында Түркия менен Орусиянын Газпром фирмасынын Көгүлтүр агым түтүк жолунун көлөмүнүн жылдык 16 миллиард метр кубдан 19 миллиард метр кубга жеткирилиши темасында макулдашылганы белгилүү болгонун жазган.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыздын Орусияда өткөргөн жолугушууларынын алкагында Түркиянын Орусиядан жылына 16 миллиард метр кубдук газ импорттогон Көгүлтүр агымдын көлөмүнүн 19 миллиард метр кубга жеткирилиши темасында макулдашканы маалымдалган.
«Акшам» гезити «Республика тарыхынын рекордуна жетишилди» деген кабарында Түркиянын экспортчулар ассамблеясы экспорттун сентябрь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,5 пайыз деңгээлинде өсүп, 13 миллиард 294 миллион долларга жеткенин жарыялаган.
Ушундайча сентябрь айында экспорттун көлөмү эң жогорку деңгээлге жеткени белгиленген ассамблеянын көрсөткүчтөрүнө караганда акыркы 12 айлык экспорт болсо 4,2 пайыз өсүп 157 миллиард 654 миллион долларга жогорулады.
«Сабах» гезити «Англис ашпозчу түрк ашканасынын тамырын тартат» деген кабарында «Мишлена» жылдыздуу башкы ашпозчу Том Айкенс Түркияда даам издөөгө чыга турганын баяндаган.
Том Айкенс 24 саат эфирге чыккан тамак каналы жана бир ашкана эмеректери фирмасынын спонсордугу менен тартылган тамак программасында Түркиянын тандамал рестроандарынын менюларынан көчүп жүрүүчү көчө даамдарына чейин изилдөө жасайт. Том Айкенс бул максат менен Стамбулдун көчөлөрүндө гастрономиялык саякаттарды уюштуруусу пландалууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар