Түрк басма сөзү 26. 09. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

140750
Түрк басма сөзү 26. 09. 2014

«Хүррийет» гезити «Байден кандай салым кошулганын сурады» деген маалыматында ИШИМге карата глобалдык коалицияны түзүү аракеттери улантылып жаткан учурда Эрдоган жана Байдендин ортосунда абдан маанилүү сүйлөшүү болгонун билдирген. Башта Инжирли базасынын ИШИМге каршы жүргүзүлгөн согушта кандай роль алары жана Түркиянын сириялык оппозициячылдарды машыктырып жана топтун түзүлүшүнө салым кошуп же кошо албай турганы сөз болгон сүйлөшүүдө Түркиянын Сирияда коопсуз аймактарды түзүү пикири да сөз болгону белгиленди.
«Стар» гезити «Мехди Экер : «Өзүбүздү эң жаман сценарийге даярдап жатабыз» деген маалыматында азык – түлүк жана мал – чарбачылыгы министри Мехди Экер ИШИМден качкандар жол ачкан көч тууралуу маалымат берип : «Эң жаман сценарийге да даярдануудабыз. Бул иштин адамзаттык тарабы да бар. Бул жердеги кол салууларга дуушар болгон кишилер биздин бир тууганыбыз, аларга кучак ачуу, алардын кыйынчылыгына жардам берүү, жашоолору үчүн мүмкүнчүлүк түзүү биздин милдетибиз. Ал аймактан келиши мүмкүн болгон бардык боордошторубузду тосуп ала тургандай базисибизди түзүүбүз керек»,- дегенин жазган.
«Миллийет» гезити «Ганноверде түрк жарманкеси» деген маалыматында Германиянын Ганновер шаарында бул жылы 65 – жолу өткөрүлгөн ИАА коммерсиялык автомобиль жарманкеси түрк негизги жана кошумча өнөр жай өндүрүүчүлөрүнүн агымына учурады. Жарманкеде Тофаш тарабынан жаңыланган Добло менен бирге Бурсада Карсан тарабынан Hyundai үчүн өндүрүшү баштала турган H350 да дүйнөгө таанытылганын билдирген.
«Хүррийет» гезити «Дүйнөдө экөөсү гана бар, бирөөсү Түркияда» деген маалыматында деңиздин үстүнө курулган дүйнөнүн экинчи, Европанын жана Түркиянын биричи аэропорту болгон Орду – Гиресун аэропортунун курулушу улантылууда. Географиялык шарттардан улам ылайыктуу аянт болбогондуктан деңизди толтуруу менен ишке ашырылган проектинин аянтынын узундугу 3 миң, эни болсо 45 метр.
«Йени шафак» гезитинин «Палестинада түркчө сабак берилет» деген маалыматында Палестинанын билим берүү министрлиги жана Түрк Кызматташтык жана Координация агенттигинин төрагалыгы ТИКАнын ортосунда кол коюлган келишим менен Батыш Шерианын Рамаллах, Наблус жана Женин шаарларында тандалган 3 учкуч мектебинде тандалган түркчө сабактын жакында бериле баштай турганы белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар