Түрк басма сөзү 7.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

116871
Түрк басма сөзү 7.09.2014

«Йени шафак» гезити «Күжүрмөндүүлүк менен ишибизди улантабыз» аттуу кабарында премьер-министр Ахмет Давутоглу тарабынан түзүлгөн 62-Өкмөт программасынын ишеним добушун алганын жазган.
Гезит 439 эл өкүлүнөн 306сы ишеним добушун берип жатканда 133 эл өкүлү каршы добушун бергенин билдирген. Кабарда ишеним добушунан кийин Парламенте ыраазычылык сөзүн сүйлөгөн Давутоглунун: «Сизден алган колдоо менен күнү-түнү дебестен азиз улутубуздун жана Парламентибиздин алдында иштей турганыбызга убада беребиз. Эч бир күч өкмөтүбүздүн бул умтулуусун сындыра албайт. Тескерисинче дагы да күжүрмөндүүлүк менен иштөөбүздү улантабыз»,дегени берилген.
«Ватан» гезити «Үнсүз роль» темалуу кабарында АКШнын ИШИМге каршы күрөшүү үчүн чакырык салган 10 НАТО өлкөсүнүн ичинде орун алган Түркиянын «өзгөчө абалынын» себебинен үнсүз ролду милдеттене турганын белгилеген.
Гезит Түркиянын ИШИМдин колундагы 49 барымтадагысынын себебинен ачык жана анык милдеттенме албай турганын белгилеп, Ройтерске маалымат берген АКШлык жооптуулардын, «Түркиянын өзгөчө абалын билебиз жана муну түшүнүү менен кабыл алабыз», дегенин маалымдаган.
Гезит Вашингтондун Анкарадан күтүүсүнүн чек ара коопсуздугунун тыгыздаштарылышы багытында болгонун белгилеген.
«Стар» гезити «Орусия коркутту» деген кабарында Украинада жума күнү кол коюлган ок атпоо келишининен кийин АКШ жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн Орусияга каршы жаңы санкция киргизүү токтомун чыгарып коркутканын жазган.
Гезит бул токтомго каршылык көрсөткөн Орусиянын «жооп кайтарабыз» деп Батышты да коркутканын баяндаган.
«Ватан» гезити алгачкы жергиликтүү шамал тирбуналарынын ноябрь айында электр энергиясын өндүрө баштай турганын белгилеген.
Гезит Түркия илимий техникалык иилдөө мекемесинин (TÜBİTAK) жол башчылыгында өнүктүрүлгөн жана Теркос көлүнүн жээгине жайгаштырыла турган системанын 500 кВатт/ саат электр энергиясын өндүрө турганын жана муну Стамбулдун суу жана канализация башкармалыгы (İSKİ) колдоно турганын маалымдаган. Бул проект менен 20 жылда 15 миллиард доллардык булактын чет өлкөгө чыгып кетишине бөгөт боло турганы белгиленген.
«Хүррийет» гезити «Сиваска калыстар тобунун кызыктыруучу сыйлыгы берилди» деген кабаарында 71-Венеция кино тасма фестивалында режиссер Каан Мүждежинин «Сивас» аттуу кино тасмасынын калыстар тобунун кызыктыруучу сыйлыгын алганын баяндаган.
Гезит Аслан аттуу 11 жаштагы бала менен «Сивас аттуу кангал иттин боз талаада өткөн достук аңгемеси түшүндүрүлгөн кино тасма, калыстар тобунун кызыктыруучу сыйлыгына ылайык көрүлгөнүн жазган. Кино тасманын бала оюнчусу Доган Изжи да Эң мыкты эркек оюнчу сыйлыгын алды.
«Стар» гезити «Түркиянын сыймыгы Ипек» деген кабарында АКШда үстү ачык аянтта жаш кыз-келиндер менен таймашкан улуттук теннисчи Ипек Сойлунун швейцариялык партнеру Жил Белен Тейчман менен бирге чыккан жуптар финалында Вера Лапко-Тереза Михаликова экөөнү 2-1 эсебинде утуп алып чемпиондукка жетишкенин жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар