Түрк басма сөзү 06. 09. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

116044
Түрк басма сөзү 06. 09. 2014

«Стар» гезити «АКШ сенатына чукул Түркия чакыруусу» деген маалыматында АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мари Харфтын сенатка чакыруу жасап Анкара элчилигине талапкер көрсөтүлгөн Жон Басс жана башка бекитүүнү күткөн элчи дайындоолорун эртерээк бекитүүгө чакырганын жазган. Гезит катчы Мари Харфтын : «Түркия сыяктуу жерлерде элчилерге муктаждыгыбыз бар, себеби жогорку мартабалуу өкүлгө ээ болуу абдан маанилүү»,- дегенин билдирген.
«Сабах» гезити Эрдогандын НАТО саммитинде Германиянын канцлери Ангела Меркель менен тыңшоо тууралуу сүйлөшкөнүн жарыялаган. Гезит Эрдогандын өзгөчө немис чалгындоосунун Түркияны тыңшоо кабарлары тууралуу Меркелден маалымат сураганына орун берген. Маалыматта Түркиянын эмнеликтен тыңшалганын сураган Эрдогандын мындай иш – чаралардын эки тараптуу карым – катнаштарды тебелегенин айтканы белгиленди.
«Йени шафак» гезити АКШ менен Орусиянын ортосунда Украина кризисинин глобалдык кагылышууга айланып баратканына орун берген. Гезит Галлерде 60 өлкө катышкан НАТО саммитинен Орусия лидери Путинге каршы «чукул түрдө кийлигишүү күчүн» түзүү чечиминин чыккканын жарыялаган. Маалыматта Кремлдин НАТОго аскердик машыгуу менен жооп берип Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун «Орусиясыз чечүүчү жол табуу кыйын»,- дегени билдирилген.
«Сабах» гезити «Дүйнөдө эң узун убакыт жашаган түрк» деген маалыматында ушул күнгө чейин жасалган изилдөөлөрдүн эң көп жашаган кишинин 253 жыл өмүр сүргөнүн көрсөткөнүн жазган. Гезит көп жыл жашагандардын арасында билингендердин биринин да Анадолуда экенин жарыялаган. Маалыматта аты Заро ага болгон кишинин 1777 – жылы Битлистин Мутки районунун Мейдан айылында туулуп, 1934 – жылы Стамбулда каза болгонун билдирген. Маалыматта айрыкча Заро аганын мазарынын Стамбулда Эйүп кабырынан табылганы билдирилген.
«Хабер түрк» гезити «Папа Франческо Түркияны зыярат кылат» деген кабарында католик дүйнөсүнүн руханий лидери Папа Франческонун Стамбулдагы Фенер рум патриархатынын курулуш майрамына катышуу максатында 30 – ноябрда Түркияны зыярат кыларын билдиргенин жазган. Гезит жаңы папанын ушул себеп менен Түркияга биринчи жолу келерин, биринчи болуп Анкарада президент Эрдоган жана өкмөт жетекчилери менен жолугушуусунун күтүлгөнүн, Стамбулдагы салтанаттан кийин сириялыктар жашаган лагерлерди зыярат кылары белгиленгенин жазган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар