Түрк басма сөзү 4.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

113420
Түрк басма сөзү 4.09.2014

«Ватан» гезити президент Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжанга жасаган сапарына токтолгон.
Гезит Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Эрдоганга атасынын атынан аталган «Гейдар Алиев» атындагы ардактуу орденди тапшырганын баяндаган. Кабарда президент Эрдогандын болсо, «Эки мамлекет бир улут. Бул атаңдын мурасы, муну унутпа»,дегенин жазган.
«Йени шафак» гезити Азербайжанга барган президент Режеп Таййип Эрдогандын Тоолуу Карабах маселесин Уэльстеги НАТОнун саммитинде күн тартипке чыгара турганын айтканын баяндаган.
Гезит Эрдогандын Түркия-Армения маселесинин чечилүү шартын да жарыялаганына көңүл бурган. Кабарда Эрдогандын, «Азербайжан-Армения маселеси чечилсе, Түркия-Армения маселеси да чечилет. Берилген убадалар орундатылышы керек. Бир өтүнүч эмес, укук болуп саналат. Бул темада чечкиндүүлүгүбүздү сөз кылабыз»,деп айтканы маалымдалган.
«Стар» гезити Азербайжан газын Түркия аркылуу Европа чек арасына алып бара турган Транс Анадолу түтүк жолу проектин (TANAP) да камтый турган Түштүк Кавказия газ коридорунун пайдубалы 20-сентябрда түптөлө турганын белгилеген.
Гезит Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында президент Режеп Таййип Эрдогандын проект тууралуу күндү айтып «процесс ылдамдады» дегенин баса белгилеген.
«Сабах» гезити «Гейдар Алиевдин көрүстөнүнө жана шейиттикке зыярат» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжандын борбор калаасы Бакудагы программасын шейиттер эстелигине зыярат кылып аяктаганын жазган.
Гезит Азербайжандын куруучусу Гейдар Алиевдин эстелик көрүстөнүн зыярат кылып таазим кылган Эрдогандын, айрыкча Алиевдин үй-бүлөсү жаткан көрүстөнгө да гвоздика гүлүн койгонун маалымдаган. Кабарда президент Эрдогандын андан кийин Түрк шейиттер эстелигине зыярат кылып гвоздика гүлүн койгонун жана андан соң НАТОнун саммитине катышуу үчүн Уэльске аттанганы баяндалган.
«Хүррийет» гезити «Газа чек арасында кыймылдуулук» аттуу кабарында Израиль армиясына таандык брондолгон унаалардын Рефах чек арасындагы Эн-Нахда мааласынан 100 метр ичкери киргенин баяндаган.
Гезит брондолгон унаалар жана бульдозерлер чек арага кирип бара жатканда чалгындоочу учактарынын да аймакта учуп турганын белгилеген.
«Сабах» гезити «Эбола дагы 10 миң кишиге жукту» деген кабарында эболанын жайылуу ылдамдыгы боюнча божомол жасашкан илимпоздордун, сентябрь айында өлүмчүл вирустан таасир алгандардын санынын 10 миңге жете турганын айтканын баса белгилеген.
«Йени шафак» гезити «Антальяга 8,7 миллион турист келди» аттуу кабарында үстүбүздөгү жылдын 8 айында Антальяга келген турист саны 8,7 миллион кишиге жеткенин маалымдаган.
Гезит Антальянын губернатору Себахаттин Өзтүрктүн, «2023-жыл үчүн 18 миллион болгон максатыбызга 2018-жылы жетебиз»,деп айтканын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар