Түрк басма сөзү 3.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

113057
Түрк басма сөзү 3.09.2014

«Стар» гезити «Түндүк Кипр Түрк Республикасынан Азербайжанга барды» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын мурдагы күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган сапарынан кийин кечээ Азербайжандын борбор шаары Бакуга барганын баяндаган.
Гезит Эрдогандын президент болгондон кийинки өлкө тышына экинчи расмий сапарын Азербайжанга жасаганын жазган.
«Сабах» гезити «БУУнун коопсуздук кеңешине Түркия кайрадан талапкер» деген кабарында 2009-жылдан 2010-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөлүк милдетин жүргүзгөн Түркиянын 2015-2016-жылдар үчүн кайрадан бул милдетке талапкер болгонун баяндаган.
Кабарда Түркиянын келээрки айда боло турган шайлоолор үчүн иштерин ылдамдатканы белгиленген.
Гезит мүчөлүк үчүн Президенттик жана Премьер-министирлик багытында тыгыз дипломатиялык алакалар жүргүзүлө турганын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Согуштун изин доктурлар өчүрдү» деген кабарында Израилдин Газага кол салууларында үйүнө ракета түшүшүнүн себебинен сөөктөрүнүн бардыгы сынган он жаштагы Абдулмути Абукмелинин Стамбулда операция болгонун жазган. Алты саатка созулган операцияда газалык баланын жүзү мурдагыдай абалына келтирилгенин сөз кылган гезит, Абдулмути Абукмелинин алты жумадан кийин нормалдуу жашоосуна кайта ала турганын маалымдаган.
«Стар» гезити «Гөрмез Папага чакырык таштады» аттуу кабарында дин иштери башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гөрмездин айрым күчтөрдүн Исламды турган жеринде коопсуздук меселеси катары көрсөтүүгө аракет кылганын белгилеп, Ватикандан муну менен күрөшүүнү талап кылганын айтканын баяндаган.
Гезит Германияда бир жылда 70 мечитке кол салуу болгонун сөз кылган Гөрмездин Папага «Исламды четке кагуу аракеттери токтотулушу керек. Бул диндер аралык футбол мелдешин өткөрүү менен эле болбойт», деп сереп салганын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Коргоо өнөр жайынын экспорту 1 миллиард доллардан ашты» аттуу кабарында Түркиянын коргоо өнөр жайынын жылдын 8 айындагы экспортунун 1 миллиард доллардан ашканын баяндаган.
Гезит бул мезгилде эң көп сатуунун АКШга жасалганын белгилеген. Гезит АКШдан кийин Малайзия, Бириккен Араб Эмирликтери, Италия, Испания жана Франциянын турганын маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Түрк киносунун 100 жылдыгы Венецияда» деген кабарында 71-Венеция кино фестивалынын кечээ түрк киносунун 100 жылдыгын белгилегенин жазган. Гезит иш-чаранын алкагында Өмер Лүтфү Акаддын 1973-жылы тарткан «Келин» кинотасмасы көрсөтүлгөнүн билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар