Түрк басма сөзү 2.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

111584
Түрк басма сөзү 2.09.2014

«Йени шафак» гезити «Алгачкы сапар Түндүк Кипр Түрк Республикасына» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын чет өлкөгө алгачкы сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаганын жазган.
Гезит Эрдогандын Түндүк Кипр Түрк Республикасында өзүн тосуп алган жарандарга кайрылып, «Алгачкы расмий сапарыбызды ушул жерден баштадык. Бул сапар абдан маанилүү. Эне менен баланын жолугушуусу канчалык маанилүү болсо, бул жердеги жолугушуубуз да ошончолук маанилүү. Биздин Кипрды унутушубуз мүмкүн эмес. Кипр биздин чет өлкөдөгү жыйналыштарыбызда эң маанилүү күн тартип беренебиз»,-деп айтканын баяндаган.
«Стар» гезити «Кипрде суу жана электр энергиясы сүйүнчүсү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиядан Түндүк Кипр Түрк Республикасына деңиздин астынан өткөрүлгөн түтүктөр менен 2 айдын ичинде суу жана электр энергиясы алынып келе турганынын сүйүнчүсүн бергенин белгилеген.
Гезит Эрдогандын: «Гарантер өлкө катары Түркия милдетин кандай аткарып жатса, Грециянын да ошондой аткарышын күтүүдөбүз. Ошондой болсо ишенип койгула Кипр маселеси абдан кыска убакта чечилип жолуна түшмөк»,-дегенин баяндаган.
«Акшам» гезити «Афина мечитти ачса, христиан дин окуу жайы дароо ачылат» аттуу кабарында чет өлкөгө алгачкы сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасаган президент Эрдогандын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу менен биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында бир рум журналисттин христиан дин окуу жайы тууралуу суроосуна берген жообун жарыялаган.
Гезит Эрдогандын Грецияны убадасында турууга чакырып: «Окууну ачуу маселе эмес, бирок сизден да бир кадам болсун»,-деп жооп бергенин маалымдаган. Гезит Эрдогандын, «Биздин Афинада кулаган эки мечитибиз бар. Буларды оңдойлу дегенден бери Караманлистен жооп жок»,дегенин баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Израиль Палестинадан 4 миң дөнүм жерди жутуп алат» деген кабарында Израилдин Батыш Шериада палестиналыктарга таандык 4 миң дөнүмдүк аянтты «мамлекет жери» деп жарыялаганын жазган.
Гезит Батыш Шериадагы Израиль өкмөтүнүн координаторлугунун жарыясында Гуш-Эцион отурукташкан жердин чегинде орун алган аянттын казынага өткөрүлгөнү белгиленип, «Бул, Хамас тарабынан уурдалган 3 еврей отурукташуучу окуясынан кийин чыгарылган чечим», деп жарыяланганын маалымдаган.
«Миллийет» гезити «Экспорт 105 миллиард долларга чукулдап калды» аттуу кабарында Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын 2014-жылдын август айынын экспорт көрсөткүчүн Агрыдагы Догубейазытта жарыялаганын белгилеген.
Гезит Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын төрагасы Мехмет Бүйүкекшинин, август айында экспорттун өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу 5,2 пайыздык өсүү көрсөтүп 11 миллиард 73 миллион долларга жеткенин айтканын баяндаган. Кабарда январь-август мезгилинде болсо экспорттун 5,3 пайызга жогорулап 104 миллиард 6 миллион долларга жеткенин маалымдаган.
Гезит август айында эң көп экспорт жасалган өлкөлөр тизмелөөсүндө Германия, Ирак, АКШ жана Орусия орун алганын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар