Түрк басма сөзү 1.09.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

110499
Түрк басма сөзү 1.09.2014

Түрк басма сөзү 1.09.2014
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Стар» гезити президент Режеп Таййип Эрдогандын, Аскердик-деңиз академиясынан 114, Аскердик-аба академиясынан болсо 194 лейтенантка диплом тапшыруу аземине катышканын белгилеген. Гезит президент Эрдогандын эң мыктыларга дипломдорун тапшырганын билдирген.
«Акшам» гезити премьер-министр Ахмет Давутоглунун Стамбулда уланып жаткан проекттерге абадан иликтөө жүргүзгөнүн белгилеген. Гезит Давутоглунун премьер-министр катары биринчи жолу барган Стамбулда тик учар менен Стамбулда салынып жаткан проекттерди абадан иликтегенин баяндаган. Кабарда премьер-министр Ахмет Давутоглунун өзүн коштоп жүргөн Стамбулдун мэри Кадир Топбаштан үчүнчү чоң көпүрө жана үчүнчү аэропорт долбоорлорунун акыркы абалдары туурасында маалымат алганы баса белгиленген.
«Йени шафак» гезити Стамбулда Кызылчешме менен Гөзтепенин ортосундагы аралыкты 15 мүнөткө түшүрө турган Евразия тоннелинин аякташына 2.5 километр калганын белгилеген. Гезит жер титирөө жана цунамиге туруштук бергидей курулуп жаткан тоннелдин Стамбул кысыгынын 25 метр астында 850 метрге жеткенин билдирген.
«Сабах» гезитинин экономика барагындагы кабарда, Антальяда жылдын алгачкы жети айында 16 люкс яхтанын деңизге түшүрүлгөнүн маалымдаган. Гезит Антальядагы Эркин зоона иштетүүчү акционердик коомдун башкы директору Зеки Гүрсестин, 50 метрден узун яхталардын көп заказ кылына баштаганын айтканын белгилеген. Кабарда январь-июль айларынын арасында ушул аймакта жасалган 16 яхтанын ээлерине тапшырылганын сөз кылган Гүрсестин, жылдын аягына чейин деңизге түшүрүлгөн яхталардын саны 40ка жетээрин айтканы баяндалган. Кабарда Зеки Гүрсестин: «Европа өлкөлөрү, Орусия, Бахрейн, Катар жана АКШдан заказ алынууда»,- деп кошумчалаганы сөз кылынган.

«Хабер түрк» гезити «Мөңгүлөр эрибей эле кеңейүүдө» деген кабарында АКШлык илимпоздордун, глобалдык ысуудан мөңгүлөрдүн эрибегенин, тескерисинче кеңейип бараткандыгын спутник аркылуу ортого салгандарын сөз кылган. 

«Хүррийет» гезити «Суусуз жай- эң мыкты түрк кинотасмасы болду» деген кабарында Маданият жана туризм министрлиги тарабынан түрк фильминин 100 жылдыгынан улам уюштурулган «Эң мыкты 100 түрк кинотасмасы» конкурсунун жыйынтыгы жарыяланганын маалымдаган. Гезит буга караганда Түркияга алгачкы эл аралык сыйлыкты алып келген «Суусуз жай мезгили» кинотасмасынын биринчи орунду алганын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар