Түркия басма сөзү 27.08.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

105537
Түркия басма сөзү 27.08.2014

«Сабах» гезити «Хүсейин Челик курултайды кеңири айтып берди» аттуу кабарында партиянын жетекчи орун басары Челик, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын 1-кезексиз жыйынына 3 миң кишинин чакырлыганын, 81 областтан 1020 автобус менен 40 миң кишинин Анкарага келе турганын, саясий партия, соодагер, өнөр жайчы, жумушчу, кол өнөрчү, кызматкер жана жумуш ээлери, бейөкмөт уюмдар менен профсоюз жетекчилеринин да курултайга чакырылган түрдө катыша тургандарын түшүндүргөнүн жазган.
Гезит Хүсейин Челиктин курултайды 100 чет өлкөлүк, техникалык топтор менен кошо 900дөн ашуун массалык маалымат каражаттарынын кызматкеринин байкай турганын сөз кылып, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын ар бир уюштуруусунда болгону сыяктуу кезексиз чоң курултайына да басма сөздүн кызыгуусунун жогорку деңгээлде болгонун баса белгиледи.
«Йени шафак» гезити «Мешал Эрдоганга телефон аркылуу байланышты» деген кабарында Египеттин борбор калаасы Каирде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкканын жана Израиль менен Хамастын узун мөөнөттүү ок атпоону кабыл алганын билдиргенин баяндаган.
Гезит Халид Мешалдын премьер-министр Эрдоганга ок атпоо процесси тууралуу маалымат бергенин маалымдаган.
«Стар» гезити «Түрктөр АКШда уттурду, Орусияда утту» аттуу кабарында эл аралык соода санкциялары түрк фирмаларына да таасир тийгизип жатканын билдирген.
Гезит Украинадагы козголоңчуларды колдогондугу үчүн өзүнө санкция киргизген АКШ жана Европа Биримдигинен товар алууну токтоткон Орусия, түрк фирмаларына уруксат бергенин, АКШнын болсо түрк болот өндүрүүчүлөрүнө салык жүктөгөнүн маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Халичке жеке менчик сектору тоскоолдук кылды» деген кабарында Стамбулдун Бейоглу мэриясына караштуу Өрнектепе жана Сүтлүже маалаларын камтыган шаарга айлануу проектинде жеке менчик сектору процесстин тышында калганын жазган.
Гезит Амплио турак жай инвестициясы баштаткан проектте Экология жана шаарчылык минстрлиги жана Бейоглу мэриясы процесске киргенин, министрлик тарабынан финансылык колдоо көрсөтүлө турган проект 2 этап түрүндө курула турганын, бардыгы 130 миң чарчы метрдик аянтта салына турган проектте орто эсеп менен 650 турак жай жана 160 соода бөлүмү орун ала турганын баяндаган.
«Ватан» гезити «1,7 миллиард доллардык чоң келишим» деген кабарында газ резерви жагынан дүйнөдө 4-орунда турган Түркмөнстанда, Түркия-Япония консорциуму ири тендерди утуп алганын билдирген.
Гезит жаратылыш газдан бензин өндүрө турган ишкананы 1,7 миллиард долларга Түркия-Япония фирмасы кура турганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар