Түрк басма сөзү 24.08.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

101676
Түрк басма сөзү 24.08.2014

«Хүррийет» гезити «Германия көрсө Түркияны эбактан бери тыңшап келе жатыптыр» деген кабарында немис чалгындоосунун Түркияны 2009-жылдан бери эмес, 1976-жылдан бери тыңшаганы белгиленгенин жазган.
Гезит Германияда жумалык чыгуучу «Фокус» журналы Германиянын федералдык чалгындоо уюмунун Түркияны 1976-жылдан бери тыңшап келгендерин жазып чыкканын маалымдаган. Журналдын кабарында Германиянын федералдык чалгындоо уюмунун ал мезгилдеги премьер-министри Гельмут Шмидттин уруксаты менен Түркияны тыңшай баштаган. Бүгүнкү тыңшоолорго болсо парламенттин комиссиясы тарабынан чечим чыгарылганын жазган «Фокус», тыңшоо уруксатын берген комиссиянын Премьер-минисрлик, Коргоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Экономика министрлигинин адистеринен турганын белгилеген.
«Миллийет» гезити «Өзүнө мураска калган үйдү тазалап жатканда 4 кабаттуу жер астындагы шаарды тапты» деген каабрында Кайсериде үй-бүлөсүнөн мураска калган үйдү тазалап жаткан Мустафа Боздемир, үйдүн 4 кабат астына түшкөн жер астындагы шаарды тапканын жазган.
Гезит 80 миң евро каржылап жатып 100 жүк ташуучу унаадан ашуун топурак чыгарып, жер астындагы шаарды тазалаган Боздемирдин, «Жер астындагы шаар тазаланып жатканда ар түрдүү калдыктарга кездешилет. Көпчүлүгүн адамдардын сөөктөрү түзгөн калдыктар Эржиес университетинин тобу тарабынан да иликтенүүдө»,-деп айтканын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «АКШ полициясынын түрк журналистти кыйнаганы рапортко кирди» аттуу кабарында «Анадолу» агенттигинин кабарчысы Шашмаздын Фергюсондо АКШ полициясы тарабынан өлтүрүлө турганы менен коркутулуп камакка алынганы убагындагы күч колдонуусу, доктурдун рапортунда белгиленгенин баяндаган. Гезит Шашмаздын дарылана баштаганын жана керектүү анализ чыгарылышы үчүн изилдене турганы билдирилгенин маалымдаган.
«Стар» гезити «Түрк армиясынын чоң ийгилиги» аттуу кабарында дүйнөнүн алдыңкы иш-технология журналдарынан «Business Insider» журналынын адистери дүйнөнүн эң күчтүү 35 армиясы орун алган тизме даярдагандарын жазган.
Гезит АКШ биринчи орунда турган тизмеде Түркия Германиядан кийин сегизинчи орунда турганын белгилеген.
Гезит Түркия алдыңкы 10 өлкөнүн арасында болсо дагы армияга аз бюджет бөлгөн өлкөлөрдөн бири болушу да эске алынганын маалымдаган.
«Ватан» гезити «2 миллион киши Түркияны көздөй жолго чыкты» деген кабарында Англия жана Улуу Британия тобу мамлекеттеринде ишке ашырылган жана 26-август шейшемби күнүнө туура келген салттык «Банк эс алуусунун» себебинен миллиондогон кишинин жума күнү кечинде жолго чыккандарын жазган.
Гезит англис басма сөзүндө орун алган кабарларга ылайык, 2 миллион кишинин август айынын акыркы шейшемби күнүнө туш келген эс алуу үчүн Түркия, Греция жана Испания сыяктуу англистердин көздөгөн эс алуу жайларына чубагандарын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар