Түрк басма сөзү 12.08.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

88096
Түрк басма сөзү 12.08.2014

«Акшам» гезити «Чогуу иштешүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн» аттуу кабарында Түркия Республикасынын 12-Президенти болуп шайланган премьер-министр Режеп Таййип Эрдоганга ар кайсы өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынан куттуктоо келгенин белгилеген.
«Миллийет» гезити «ЕБ:Кызматташууну арттыруу үчүн сабырсыздануудабыз» деген кабарында Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Херман Ван Ромпей менен Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэль Баррозунун 10-августтагы шайлоодо президент болуп шайланган премьер-министр Режеп Таййип Эрдоганды куттуктап, кызматташууну арттыруу тилектерин сөз кылганын белгилеген.
Гезит биргелеше жазган жарыяда «Түркиянын, сүйлөшүү процессиндеги талапкер өлкө, коңшу, маанилүү соода өнөктөшү, тышкы саясат шериктеши катары Европа Биримдиги жагынан алганда чечүүчү мааниси болгон өнөктөш», деген мүнөздөмө бергенин жана «Бул тарматкардын бардыгында тең кызматташуубузду арттыргыбыз келет»,-дегенин жазган.
«Сабах» гезити «Дүйнөлүк басма сөз: Рекордсмен дагы бир жолу ийгиликке жетишти» аттуу кабарында премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын шайлоо жеңишинин дүйнөлүк басма сөздө кеңири жаңырык тапканын белгилеген.
Гезит дүйнөлүк басма сөздүн Эрдогандын жеңишин «Түрк саясатынын рекордсмени дагы бир ирет ийгиликке жетишти», «Теңдеши жок күч» сыяктуу темалар менен бергенин баяндаган.
«Ватан» гезити «Жаңы премьер-министр 27-августта белгиленет» деген кабарында премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын борбордук чечим чыгаруу жогорку кеңешинен эки маанилүү чечим чыкканын белгилеген.
Гезит Адилеттик жана өнүгүү партиясынын курултайынын 27-августта жаңы жетекчи шайлоо үчүн чогула турганын жазган.
Курултай күнүнүн бир добуштан белгиленгенин жазган гезит, курултайдын партияга жетекчи кылып шайлай турган кишиси премьер-министр боло турганын маалымдаган.
«Стар» гезити экономика бараганда чыккан «Ырааттулук улансын жаңы максаттарга карай жүгүрөлү» аттуу кабарында премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын президенттик шайлоолордун иш дүйнөсүндө да чоң жаңырык тапканына көңүл бурулган. Кабарда жаңы президент менен ырааттуулук улана турганы көз карашында бириккен иш дүйнөсүнүн, Түркиянын жаңы кирген жолдо Европа Биримдиги жана 2023-жыл сыяктуу максаттарга дагы ылдам жүгүрө турганын белгилегенине токтолгон.
«Хүррийет» гезити «Измиттик жаңы i20 подиумга чыкты» темасын коюп, Hyundai Assan унаасынын Измитте орун алган ишканасында Европа үчүн жалгыз гана Түркияда өндүрүлүлө турган экинчи муундагы i20нын өндүрүүгө даяр абалы менен ортого чыкканын баяндаган.Кабарда жаңы i20нын медиа мүчөлөрүнө таанытылганы баяндалган.
Гезит жаңы муундагы i20нын дүйнөгө таантылышынын болсо Париждеги автомобиль жарманкесинде аткарыла турганы белгиленген.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар