Түрк басма сөзү 16.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

131059
Түрк басма сөзү 16.07.2014

«Сабах» гезити «Эң башкы жооптуу БУУ» аттуу кабарында Израилдин Газага карай кол салууларынын жооптуусу Бириккен Улуттар Уюму экендигин белгилеген премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын, «БУУ, сен эмне ишке жарайсың, тынчтыкты камсыздоо үчүн курулган жоксуңбу?»-деп айтканын баяндаган.
«Акшам» гезити «Дүйнө жүзүнө 20 миң түрдүү товар саттык» аттуу кабарында Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (ТОВВ) төрагасы Рифат Хисаржыклыоглунун Түркиянын акыркы 30 жылда укмуш өзгөргөнүн айтканын жазган.
Гезит Хисаржыклыоглунун, «Учурда 20 миң түрдөн ашуун товар сата тургандай абалга келдик. Эң көп турист тарткан 6-жерге айландык»,-деп айтканын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдоруна төрт чоң сыйлык» деген кабарында 2014 Skytrax жүргүнчүлөргө баа берүү жыйынтыктарына караганда Түрк аба жолдорунун акыркы төрт жылдан бери «Европанын эң мыкты аба жолу фирмасы» катары тандалганын белгилеген.
Гезит дүйнөнүн «Эң мыкты бизнесс класс тейлөө кызматы», «Эң мыкты бизнесс класс атайын жүргүнчү залынын тейлөөсү» жана «Түштүк Европанын эң мыкты аба жолу фирмасы» сыйлыктарынын да ушул жылдагы баа берүү жыйынтыктарына ылайык Түрк аба жолдоруна берилгенин маалымдаган.
«Ватан» гезити «Түрк тик учарлары Европада» аттуу кабарында Англиянын Фарнборо шаарында өткөрүлгөн эл аралык авиация жарманкесинде түрк инженерлер даярдаган жергиликтүү чыгарылыш болгон чабуул жана тактикалык табуу тик учары АТАК менен учкучсуз учуучу унаа АНКАнын таанытылганын жазган.
«Йени шафак» гезити «Япон дөөсү Түркияны планына кошту» деген кабарында Сумитомо иш машиналары жаңы өнөктөштүк менен Түркияны регионалдык сатуу жана таркатуу базасына айландырууну максаттаганын белгилеген.
Гезит Сумитомо иш машиналарынын төрага орун басары Ичиро Симаданын Түркиядагы капиталы менен күчтүү соода көпүрөсүн кура тургандарын, Түркияны регионалдык сатуу жана таркатуу базасы кылууну пландагандарын айтканын маалымдаган.
«Ватан» гезити «Биржа Стамбулда толук күн 2015-жылы» аттуу кабарында АКШлык биржа иштетүүчүсү Nasdaq OMX менен стратегиялык өнөктөштүккө кол коюп технологиялык базисин өзгөртүүгө даярданган Биржа Стамбулдун толук бир күнгө жайылуучу тек сеанс ишке ашыруусуна өтүлүшү планадалганын белгилеген. Саат 09:15те башталган процедуралардын саат 17:40та аяктай турганын белгилеген Гезит, бул ишке ашыруунун 2015-жылдын июль айында процесске кире турганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар