Түрк басма сөзү 7.07.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

121052
Түрк басма сөзү 7.07.2014

«Миллийет» гезити «Мухаммед үчүн алты камоо» аттуу кабарында Батыш Шериада израилдик отурукташкан үч жаштын жумалар өткөн соң жансыз денесинин табылышына жооп катары өлтүрүлгөнү божомолдонгон 16 жаштагы палестиналык Мухаммед Абу Худайр кылмышында 6 израилдиктин кармалганы белгиленген.
Гезит Палестинанын прокуратурасынын уурдалып кеткенден кийин тирүүлөй өрттөлгөнүн жарыялаган Худайрга байланыштуу териштирүүсүндө ашкере оңчул топторго багытталган Израиль полициясынын арасында кылмыштын «улутчулдук» себеби менен жасалганы боюнча пикир басымдуулук кылганын баяндаган.
«Хүррийет» гезити «Израиль полициясы сабаган жашка үй камагы жазасы» деген кабарында бөлөсү Мухаммед Абу Худайрдын өлтүрүлүшүнө нааразылык билдирүү үчүн уюштурулган акцияда Израиль полициясы тарабынан өткөн аптада камакка алынгандан кийин катуу сабалган 15 жаштагы палестиналык Тарык Абу Худайрдын 9 күн үй абагы жазасын алганын белгилеген.
Гезит соттун бала туурасындагы коопсуздук күчтөрүнө таш ыргыткандыгы айтымдарынын ушул процесстин ичинде териштириле турганына чечим чыгарганы билдирилген. Кабарда Тарык Абу Худайрдын Израилдик полициялар тарабынан колдору кишенделгенине карабастан сабалганына көңүл бурган.
«Сабах» гезити «Коргоо өнөр жайынын дөө-шаалары Анкарада жолугушат» аттуу кабарында ОСТИМ Коргоо жана авиация топтому (ОССА) тарабынан быйыл экинчиси өткөрүлө турган Коргоо жана Авиацияда индустриялык кызматташтык күндөрүндө (ICDDA) дүйнөлүк дөө-шаалардын Анкарада жолугуша турганы белгиленген.
Гезит ОССАнын башкаруу кеңешинин төрагасы Митхат Эртугдун: «14-16-октябрь күндөрүнүн арасында өткөрүлө турган иш-чарага Airbus, Boeing, Rolls Royce, Locheed Martin, Sikorsky сыяктуу фирмалардын жооптуулары катышат»-дегенин жазган.
Гезит Эртугдун иш-чарага АКШлык жана Европалык фирмалар менен катар Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн катышуу күтүлүп жатканын сөз кылганын баяндаган.
«Акшам» гезити «150 чет өлкөлүк фонд Түркиянын босогосунда турат» аттуу кабарында чет өлкөлүк инвесторлорго кеңешчилик кызматын кылган фирмалардан биринде башкаруучулук кызматын кылган Өмер Котандын, Канада, Сингапур жана Кытайдан орто эсеп менен 150 мамлекеттик жана пенсиялык фонддун Түркияга инвестиция жасоого даярданып жатканын айтканын баяндаган.
Гезит чет өлкөлүктөрдүн Түркиянын 10-20 жыл кийинкисин караганын айткан Котандын: «Киши башына 10 миң доллар киреше, жылда 4-5 пайыз өсүү инвесторду тартууда»-дегенин маалымдаган.
«Стар» гезити «Түркия, ЕБне жарым миллиард доллардык джинсы шым сатты» деген кабарында Түрк даяр кийим жана конфекция секторунун жылдын биринчи 5 айында ЕБне мүчө 28 өлкөгө 551 миллион 819 миң доллардык джинсы шым сатканын белгилеген.
Гезит Түркиянын январь-май мезгилинде ЕБне эң көп джынсы саткан өлкө Германия болсо андан соң Испания, Англия, Нидерландия жана Даниянын турганын баяндаган.
«Ван» гезитинде «Жарманкелерди 15 миллион киши кыдырды» аттуу кабарында Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) көрсөткүчтөрүнө караганда Түркияда 2013-жылы бардыгы 407 жарманке өткөрүлгөнү баяндалган.
Бул жарманкелерди 15 миллион 500 миң 48 түрк жана чет өлкөлүктүн кыдырганын белгилеген гезит, жарманкеде бардыгы 60 миң 520 фирманын стенд ачканын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Данияда Куран-ы Керим эң көп сатылууда» деген кабарында Данияда чыккан дат тилиндеги Куран-и Керимдин өлкөдөгү айрым китепкана жана интернеттен сатуу барактарында эң көп талап кылынган китептердин арасына киргенин белгилеген.
Гезит Дин иштери башкармалыгынын Даниядагы түрк дин иштери фонду аркылуу даярдаткан жана 2014-жылы апрелде дат тилинде басмадан чыккан ачыктамасынын мусулмандар тарабынан дагы мусулман эместер тарабынан дагы абдан көп талап кылынганын баса белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар