Түрк басма сөзү 30.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

111794
Түрк басма сөзү 30.06.2014

“Йени шафак” гезити “Талапкер эмесмин” аттуу кабарында премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын президент Абдуллах Гүл менен Адилеттик жана өнүгүү партиясынын президенттикке талапкерлиги темасында акыркы кеңешүүсүн өткөргөнүн белгилеген.
Гезит президент Гүлдүн Стамбулдагы Тарабия сарайында өткөн жолугушуунун алдында күтүлбөгөн маалыматты берип, “Президенттик үчүн кайрадан талапкер болбоймун,”-дегенин баяндаган.
“Сабах” гезити “Химиялык заттардын жок кылынышына Түркия колдоо көрсөтөт” аттуу кабарында Башкы штабдын төрагалыгы Сириядан химиялык согуш заттарын чыгарып жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши тарабынан түзүлгөн Бириккен кызмат күчүнө Түркиядан TCG «Салих Реис” (F-246) фрегаты коштоп бара турганын жарыялаганын белгилеген.
Гезит АКШнын 6-флотунун командирлигине караштуу Бириккен Кызмат күчтөрү-64 тактика командирлигиндеги кыймылга АКШ, Германия, Италиядан бирден фрегат, Грециядан болсо бир суу астынан сүзүүчү кемесинин катышуусу пландалганын маалымдаган. Гезит кызмат убагында бир seahawk тик учары (S70-B), бир химиялык куралдарга каршы коргонуу командасы, бир суу астынан чабуул коюучу десанттык командасы жана бир суу астында кызмат кылуучу команда да TCG Салих Реисте орун ала турганы баяндалган.
“Стар” гезити “3-аэропортко 200 миллион доллардык жарманке аянты салынат” деген кабарында Стамбулда өткөн күндөрдө салына баштаган 3-аэропрттун тартуучу борбор болуусун улантып жаткандыгы баса белгиленген.
Гезит мейманкана чынжырларынын артынан эл аралык оюнчу болгон түрк фирмасы Асел ЭКСПОнун аймакка жарманке борборун курууга даярданып жатканын белгилеген.
Гезит Асел ЭКСПО эл аралык жарманке тейлөө кызматынын башкаруу кеңешинин төрагасы Юнус Этенин, 1 миллион чарчы метрдик аянтта 200 миң чарчы метрдик үстү жабык аянтты куруу инвестициясын ойлогондорун белгилеп, “Дүйнөнүн эң маанилүү жарманке аянты болот. 200 миллион доллардык наркы болушу күтүлүүдө. Инвестициянын 2-3 жылга созулушу пландалууда”,-деп айтканын баяндаган.
“Хабер түрк” гезити “Бул да жер жүзүндөгүлөрдүн учуучу тарелкасы” аттуу кабарында NASAнын адамзаттыкты Марска алып барышы пландалган учуучу тарелка формасындагы космостук унаанын алгачкы сыноосун Тынч океандагы Кау аралында жасаганын белгиленген. Гезит төмөн жыштыктагы суперсоник ылдамдыкты үзүүчү (LDSD) деп аталган учуучу тарелка сыноосунда ийгиликке жетишилгенин баяндаган.
Гезит NASAнын бул сыноо аркылуу алдыдагы жылдарда Марска жасала турган жол тартууларда космостук унаага дагы көп басым жасала турганын айтканын баяндаган. Учурда салмагы 1,5 тонна деп белгиленгенин билдирген гезит, Марска адамдар жол тартышы үчүн бул салмактын 10 тоннадан аша ала турганы белгиленгенин баяндаган.
“Хүррийет” гезити “Сыйлык менен кайтышты” деген кабарында Мелик Сарачоглу жана Хаккы Куртулуш сценарийин жазып тарткан “Көзүмдүн нуру” аттуу фильминин 36-Эл аралык Москва кинофестивалынан сыйлык менен кайтканы белгиленген.
Гезит көзүнүн карегиндеги көйгөйдүн себебинен операция үстөлүнө жаткан кино сүйүүчү бир жигиттин аңгемесин тема кылган кино тасманын калыстар тобунун сыйлыгына ылайык көрүлгөнүн баяндаган. Кабарда фестивалдын Grand Prix сыйлыгын япон режссеру Казеши Кумасетсунун “My Man” аттуу тасмасы алганы маалымдалган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар