Түрк басма сөзү 27.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

109202
Түрк басма сөзү 27.06.2014

«Йени шафак» гезити «Кан көлдөдү» аттуу кабарында дүйнөлүк коомдук пикир Иракта болуп жаткан кагылышууларга көңүл буруп жатканда, 2011-жылдын март айынан бери Сирияда болуп келе жаткан жарандык согуштун дагы эле уланып жаткандыгын белгилеген.
Сириянын режим күчтөрү баррель бомба таштаган Халебде көп сандаган жарандын каза болгонун белгилеген гезит, тирүү калгандардын болсо ажырап калган жакындарынын өлүктөрүн кучактап алып ыйлагандарын баяндаган.
«Миллийет» гезити «Твипломатиянын лидер көрүнүшү» аттуу кабарында АКШ борборлуу глобалдык эл менен байланыштар жана байланыш фирмасынын дүйнөлүк лидерлердин твиттер популярдуулугун изилдеген сурамжылоо жүргүзгөнүн белгилеген.
Гезит «Твипломатия» аттуу изилдөөгө караганда тышкы иштер министри Ахмет Давутоглунун 1 миллион 511 миң 635 байкоочусу менен дүйнөдө эң көп байкалган тышкы иштер министри катары биринчи орунга олтурганын белгилеген.
«Стар» гезити «Визасыз Европа Биримдиги 3 жылдан кийин» аттуу кабарында ЕБнин мүчөлөрүнө визасыз саякаттын жолун ача турган Түркия менен ЕБнин ортосундагы артка кайтарып алуу келишиминин Түркия Улуу Улуттук Парламентинен өткөнүн белгилеген. Келишимдин 3 жылдан кийин процесске кире турганын белгилеген гезит, андан соң 6 айлык процессте визасыз саякаттын баштала турганын белгилеген.
«Сабах» гезити «Асманда күнүгө жаңы рекорд» аттуу кабарында жайкы сезон менен бирге эң тыгыз күндөрү өтүп жаткан «Ататүрк» аэропортунун конуп учкан учак саны менен алгач ирет 1300 санынан ашып тарыхый рекордго жетишкенин белгилеген.
Гезит 25-июнда аэропортко 1300 конуп учуу аткарылып 142 миң 169 жүргүнчүнүн да өткөнүн белгилеген. Кабарда Мамлекеттик аэпортторду иштетүү боюнча башкы директор Орхан Бирдалдын 66 секундда бир учактын аянтка конуп учканын айтканын маалымдагаган.
«Йени шафак» гезити «Түрк курулушчу демилгечилердин ийгилиги» аттуу кабарында Экономика министрлиги эркин зоналар чет өлкөгө инвестиция жана кызматтар боюнча башкы директордун орун басары Невзат Йешилердин Трабзондо уюштурулган Түрк-Орус ишкердик форумунда сүйлөгөн сөзүнө токтолгон. Гезит Йешилердин, «Дүйнөдө курулушчу-демилгечилер 1972-жылдан бери 284 миллиард доллардык ишти аткарышты»,-дегенин баяндаган.
Кабарда Йешилердин Түркия-Орусия ортосундагы тышкы соода көлөмүнүн өткөн жылы 32 миллиард долларга жеткенин белгилегенин баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Информатикада 300 фирма жылды өсүү менен жапты» аттуу кабарында аткарылган изилдөөнүн жыйынтыктарынын, Маслак ТИМ сентрде өткөрүлгөн азем менен ачылганын баяндаган.
Гезит фирмалардын сатуу кирешелерине карата тизмеленгенде быйыл түрк информатика секторундагы 300 фирманын 2013-жылды өсүү менен жапканын белгилеген.
«Акшам» гезити «Алгачкы таравих, алгачкы зоор» аттуу кабарында мусулмандардын ыйык айы 11 айдын султаны Рамазан кирип келгенин баяндаган. Мусулман дүйнөсүнүн бул түнү таравих намазын окуй турганын белгилеген гезит, Рамазан айынын биринчи орозо күнүнүн эртең баштала турганын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар