Түрк басма сөзү 25.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

106746
Түрк басма сөзү 25.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Йени шафак» гезити «Албанияга талапкерлик статусу» аттуу кабарында толук мүчөлүк үчүн 2009-жылы Европа Биримдигине кайрылган Албанияга «талапкер өлкө статусу» берилгенин баяндаган.
Гезит Люксембургда жолугушкан Европа Биримдигине мүчө 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин «Албанияда уланып келген өнүгүү процессинин негизинде» талапкерлик статусунун берилишине чечим чыгарылганын жарыялаганын маалымдаган.
Гезит токтомдун алдыбыздагы күндөрдө Брюсселде өткөрүлө турган лидерлер саммитинде мамлекет жана өкмөт башчыларынын бекитүүсүнө сунуштала турганын белгилеген. Кабарда бекитүүдөн кийин Албаниянын Европа Комиссиясы менен татаал мүчөлүк сүйлөшүү процессине кире турганы баса белгиленген.
«Стар» гезити «Быйыл 16 миллиард доллар түздөн-түз инвестиция күтүлүүдө» аттуу кабарында Эл аралык инвесторлор коомунун (YASED) төрага орун басары Акын Козаноглунун быйыл Түркияга 16 миллиард долларга жакын чет өлкөлүк инвестиция салынышын күткөнүн сөз кылган.
Гезит Козаноглунун Түркияга карай эл аралык түздөн-түз инвестиция киришинин сектордук жактан алганда энергетика, финансы, саламаттык сактоо жана кыймылсыз мүлктө басымдуу боло турганын айтканын белгилеген.
«Ватан» гезити «Түрк аба жолдору Африкада Бенинге да барат» аттуу кабарында Түрк аба жолдорунун Африкада каттамы болгон 39-жеринин Бенин өлкөсү болгону белгиленген.
Кабарда Стамбулдан Бенинге каттамдар дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби болуп аптада 4 күн эки тараптуу түрдө аткарыла турганы сөз кылынууда.
«Сабах» гезитинин экономика бараганда чыккан «Solex электр энергиясы менен жүрүүчү велосипед өндүрөт» деген кабарында француз велосипед дөө-шаасы Solexтин Түркия базарына ылдам киргенин белгилеген.
Гезит Solexтин ээси француз ишкери Жан-Пьер Бансарддын, «Түркияда 3 жылдын ичинде велосипед өндүрүш үчүн чогултуучу ишкана курууну каалайбыз. Андан соң бул жерди өндүрүүчү ишканага айландырабыз. Тетиктерди да Түркияда өндүрөбүз»,-дегенин баяндаган. Кабарда Түркияда туризм ишине да киргиси келгендерин айткан Бансарддын, «Халичте мейманкана ачууну каалайбыз»,-деген сөзү да орун алган.
«Акшам» гезити «73 жеңиш менен Гиннес рекорду» аттуу кабарында Вакыфбанк кыз-келиндерден турган волейбол командасынын кереметинин Гиннес тарабынан тастыкталганы маалымдалган.
Гезит акыркы 73 оюнунун 73үн тең утуп алган сары-кара түстүү команданын ийгилигинин, «дүйнөнүн удаама-удаа эң көп жеңишке жетишкен волейбол командасы» катары рекорддор китебине киргенин баяндаган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар