Түрк басма сөзү 9.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

87980
Түрк басма сөзү 9.06.2014


«Сабах» гезитинин экономика барагындагы «Экспорт эң көп Германияга жасалды» баш сөздүү кабарында Түркиянын эң көп Германияга экспорт кылганын баяндаган.
Кабарда Улугдаг автомобиль индустриясынын экспортчулар биримдигинин көрсөткүчтөрүнө ылайык май айында Германияга экспорттун 46 пайыз өсүп 358 миллион долларга жеткени маалымдалган. Гезит алгачкы 5 айдагы экспорттун болсо 30 пайыз өсүп 1,6 миллион доллар болгонун баса белгилеген.
«Йени шафак» гезити «Түркия пайда табат» деген кабарында жылына 150 миллион жүргүнчүгө кызмат кылына турган Түркия Республикасы тарыхынын эң маанилүү долбоору болгон үчүнчү аэропорттун пайдубалын түптөө аземинин дүйнөлүк басма сөздө кеңири орун алганын баса белгилеген.
Гезиттин кабарында бул мега-проект тууралуу ВВСнин: «Өкмөт Түркияны Европанын транспорт борбору абалына айландырууну максаттоодо»,- деп жазганы баяндалган. Малайзия, Оман жана Бириккен Араб Эмирликтери медиасынын авиацияда эл аралык каттамдардын өзгөрө турганын баса белгилегендерин билдирген гезит, AFPнин: «Түркия пайда табат»,- дегенин жазган.
«Стар» гезити «Premiere Vision октябрда Стамбулда» темалуу кабарында 30 жылдан бери Парижде өткөрүлүп келе жаткан жана түрк текстиль-даяр кийим маркаларынын келээрки сезон тренддери туурасында пикир бере турган жарманкелердин башында турган Premiere Vision жарманкесинин эми Стамбулда жылына эки жолу өткөрүлө турганын маалымдаган.
Гезиттин кабарында Premiere Vision жармакесинин 29-30-31-октябрда биринчи жолу CNR жарманке борборунда өтө турганы белгиленген.
«Миллийет» гезити «14 өлкөнүн дарыгерлери Стамбулда чогулушту» деген кабарында Стамбулда дүйнөнүн 14 өлкөсү өкүлдүк кылынган жана 300дөй дарыгер катышкан Эл аралык нейрондук терапия конгрессинин бешинчисинин ийгиликтүү өткөнүн билдирген. Кабарда проф. др. Хүсейин Назлыкулдун жетекчилигинде өткөрүлгөн «Нейроиммунология» темалуу конгресстин алкагында 140 киши доклад окуп 15 семинар болгонун жазган.
«Акшам» гезити «Эң чоң парустук кеме келе жатат» аттуу барында дүйнөнүн эң чоң кемеси STS SEDOVдун 12-июнда Стамбулга келе турганын маалымдаган. Гезиттин кабарында 1921-жылы жасалган кеменин узундугунун 117 метр экени белгиленген.
«Ватан» гезити «Орозо денени жаңылайт» баш сөздүү кабарында АКШлык адистердин айтымына караганда 3 күн орозо кармагандардын иммунитетинин жаңыланганын белгилеген. Кабарда ар кандай оорулардан таасир алган иммунитет системасына орозонун абдан пайдалуу экени ортого салынганы баса белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар