Түрк басма сөзү 7. 06. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

86067
Түрк басма сөзү 7. 06. 2014

«Миллийет» гезити «Шаарга айлануу үчүн рапорт даяр» деген маалыматында Түркияда шаарлардын заманбап шаарчылык принциптерине ылайык түрдө кайрадан долбоорлонуусун күткөн шаарга айлануу программасы 81 шаар тууралуу иштерин аяктады. Адистер мыйзамдуу түрдөгү түзөтүүлөрдү да эртерээк жасоого чакырды.
«Йени шафак» гезити «Чет элдик инвестор жылдын башынан бери биржага 703 миллион долар киреше киргизди» деген маалыматында Биржа Стамбулдан жасалган маалыматка караганда май айында чет элдиктер 7, 07 миллион доллар алууна карата 6, 3 миллион доллар саткан.
Ушул эле гезиттин «Балдардагы темир жетишпестигин дарылоо акысыз болот» деген маалыматында саламаттыкты сактоо министрлигинин темир жетишпеген анемия аныкталган жана дарылоо башталган «Темир сыяктуу Түркия» проектисинин жыйынтыктары белгилүү болду. Түркияда 0- 5 жаштагы балдардын 50 пайызында темир анемиясы аныкталды. Жүрөк жана дем тартуу жолдорунун оорусу сыяктуу бир топ ооруга жол ачкан темир жетишпестиги үчүн 4 – 12 айлык балдарга акысыз темир жардамы берилет.
Гезиттин берген маалыматына караганада түрк киносунун эң жакшы 100 киносу калктын берген добушу менен белгиленет. Маданият жана туризм министри Өмер Челик жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө түрк киносунун 100 – жылынын белгиленгени жана министрлик катары калктын киного болгон кызыгуусун күчтөндүрүүнү максат кылышкандарын белгиледи. Челик : «Илимпоздор, жарандык коом мекемелери тарабынан белгиленген 500 кинонун арасынан тандалган 300 кино калкыбызга сунушталат. 1 – сентябрга чейин созула турган добуш берүүгө катышуу үчүн : «'http://100yil100film.gov.tr же 'http://www.yuzyilyuzfilm.gov.tr адресине кире алышат»,- деди.
«Хүррийет» гезити УЕФА Түркия кубогунун финалистти Эскишехирспор жана лигада бешинчи орунду алган Сивасспор тууралуу чечимин билдирди. УЕФАнын супер лигасынын командаларынан Сивасспор жана Эскишехирспор тууралуу дициплиналык териштирүүнүн баштатылуусунан кийин аракетке өткөн Сивасспор жана Эскишехирспор УЕФА арбитраждык кеңешине нааразычылыктарын билдирди. Сивасспор жана Эскишехирспордун чечимине баа берген УЕФА арбитраждык кеңеши эки түрк клубун бир жылдык мөөнөт менен Европа кубокторунан чыгарды. УЕФА арбитраждык кеңешинин чечимин CASка алып бара турган Эскишехир жана Сивасспордун 10 күндүн ичинде нааразычылыктарын билдирүүсү керек.
«Акшам» гезити Антальяда өткөрүлгөн 18 – Dosso Dossi Fashion Showдо Ирина Шейк алдыга чыкты. Үч башка фирма тарабынан долбоорлонгон баалуу таштарды таанытуу үчүн подьюмга чыккан орус моделин 20 миңге жакын киши тик кол чабуу менен тосупа алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар