Түрк басма сөзү 2.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

80161
Түрк басма сөзү 2.06.2014



«Сабах» гезити «Сирия 40 жыл артка кетти» баш сөздүү кабарында үч жылдан бери уланып келе жаткан согуштун чыгымдарын БУУнун отчету ортого салганын белгилеген.
Гезиттин кабарында отчетко караганда Сириянын тарыхый, социалдык, экономикалык жана маданий жактан начарлаганы баяндалып, согуштун чыгымынын болсо 143 миллиард доллардан ашканына көңүл бурулган.
«Йени шафак» гезити «Түрк Күнү жолугушуусу» темалуу кабарында Англиянын борбор шаары Лондондо уюштурулган Түрк Күнүнө миңдеген кишинин катышканын белгилеген. Гезиттин кабарында Лондондун символдорунан белгилүү «Трафальгар» аянтындагы иш-чарага түрк жарандары менен катар лондондуктар жана борбор шаарды кыдырган туристтердин да чоң кызыгуу көрсөткөндөрү баяндалган. Кабарда иш-чарада «Мехтер» тобу менен элдик бий чыгармачылыктары тартууланып, түрк тамактарынын таанытылганы баса белгиленген.
«Хабер түрк» гезити «Экспорт рекорддук деңгээлге жетти» деген кабарында ушул жылдын май айында Түркиянын экспортунун өткөн жылдын ушундай эле айына салыштырмалуу 5,8 пайыздык өсүү менен 13 миллиард 413 миллион доллар болгонун баяндаган.
«Сабах» гезити «Асманда атаандашыбыз жок» баш сөздүү кабарында транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Лүтфи Элвандын Түркиянын авиация секторунда акыркы 11 жылдагы ийгилиги менен дүйнөнүн жанган жылдызы абалына айланганын билдиргенин жазган.
Гезиттин кабарында Түркияда 2003-жылы 162 болгон учак санынын 2013-жылы 130 пайыз өсүп 374гө жеткенин сөз кылган Элвандын, ушул эле мезгилде жалпы учак санында да 74 пайыздык өсүү болгонун белгилегени баяндалган. Кабарда министр Элвандын: «Мурда Стамбул жана Анкара болгон эки борбордон 25 жерге 8,5 миллион жүргүнчү ташычубуз. Учурда болсо 6 аэропорт жана 7 борбордон 52 жерге 58 миллион жүргүнчү ташый ала тургандай потенцияга жеттик»,- дегени жазылган.
«Стар» гезити «Түркия Тегерандын күн тартибинде орун алды» деген кабарында «Юнус Эмре» институтунун Ирандын борбор шаары Тегеранда «Түркиянын чагылыштары» аттуу маданият жумалыгын уюштурганын белгилеген. Кабарда көргөзмөлөрдүн негизинде салттык түрк көркөм өнөрүнүн таанытылганы баяндалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар