Түрк басма сөзү 1.06.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

79436
Түрк басма сөзү  1.06.2014

«Стар» гезити «10-август жаңылык болот» аттуу кабарында премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын 10-августта боло турган президенттик шайлоолордун Түркия демократиясы үчүн абдан маанилүү каалга боло турганын жана «Ким шайланса дагы Түркия 2023 максаттарын көздөй илгерилейт»,-дегенин жазган.
Гезит кабарында премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын «Улутка кызмат жолунда» сөзүндө 10-август шайлоолорунун алдында бирөөлөрдүн кайрадан кирдүү эсептердин ичине кире турганын эске салып: ««Сиздер мындай чагымчылыкка алдырбай турганыңыздарга ишенемин. Шайлоого барып эркин эркиңиз менен Түркия Республикасынын президентин белгилейсиздер»,-деп айтканын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Мави Мармара үчүн адам сели» аттуу кабарында Газага гуманитардык жардам алып барган жана эл аралык сууларда Израиль аскерлеринин чабуулуна дуушар болгон «Мави Мармара» жардам кемесинде шейит кылынган 10 ыктыярдуу жардамчынын эскерилгенин жазган.
Кабарда кыргындын 4-жылында 10 шейит үчүн миңдеген адамдын Стамбулдагы «Салтанахмет» мечитинин аянтына чогулганына орун берген.
Гезит «Мави Мармара» шейиттери үчүн атуулдардын бир ооздон такбир айтып, жүрүшкө Түркиянын бардык жеринен келген миңдеген киши катышканын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Францияда Ле Пен козголоңу» аттуу кабарында француздардын үчтөн экисинин Европа парламентинен жеңиш менен чыккан ашкере оңчул лидер Ле Пенди коркунуч катары көргөнүн жазган.
Гезит Европа Парламентинин шайлоолорунда күтүлгөндөн дагы көп добушка ээ болгон ашкере оңчул партиялардын жогорулоосунун, космополтикалык калк түзүлүшүнө ээ болгон Европа Биримдиги өлкөлөрүн кооптондурганын, француздардын Марин Ле Пендин жеңишин «кооптондуруучу» деп мүнөздөп, Англиядагы оңчул Бириккен Королдук Көз карандысыздык партиясынын ийгилигинин убактылуу боло турганы божомолдонгонун жарыялаган.
«Миллийет» гезити «Мигрант ишкерлер» деген кабарында алгачкы 3 айда чет өлкөлүктөрдүн Түркияда 1141 фирма курганын жазган.
Кабарда Түркиянын чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ыңгайлуу порт болгонун айткан бажы жана соода министри Хаяти Йазыжынын, январь-март мезгилинде 199 акционердик фирма жана 78 өлкөдөн 942 жеке ишкердик фирма болуп бардыгы 1141 чет элдик капиталдуу фирмалар курулганын айтканына орун берген.
Гезит министр Йазыжынын Түркияга инвестиция салган чет өлкөлүк фирмалардын жалпы капиталынын 213 миллион түрк лирасынан аша турганын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар