Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1535773
Тарыхта бүгүн

1938-жылдын 28-ноябрында 10-ноябрда көз жумган Түркиянын негиздөөчүсү жана туңгуч президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн жазуу түрүндөгү керээзи ачылды. Ататүрк өзүнүн керээзинде туугандарына, Түрк тил жана Түрк тарых мекемесине каржылык жардам көрсөтүү шарты менен бардык мүлктөрүн Республикалык Элдик партияга калтырды.

1943-жылдын 28-ноябрында АКШнын президенти Рузвельт, Улуу Британиянын премьер-министри Черчилл жана СССРдин лидери Сталин Тегеран саммитинде жолугушушту. 3 күнгө созулган саммитте Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийин союздаштардын ортосунда жаралган пикир келишпестиктер айкын болду.

1979-жылдын 28-ноябрында Папа Жан-Поль II Түркияга сапар жасады. Ошол эле учурда Ватикандын мамлекет башчысы болгон Папа Жан-Поль II Анкарага да келип Түркиянын борборуна сапар жасаган биринчи Папа болуп калды. 27 жылдан кийин ошол эле күнү Бенедикт XVI да, президент Ахмет Неждет Сезердин расмий коногу катары Түркияга келди.

2002-жылдын 28-ноябрында түрк поэзиясынын залкары жана "Гарип" агымынын башчыларынан Мелих Жевдет Андай 87 жашында Стамбулда көз жумду.



Тектеш кабарлар