Тарыхта бүгүн
Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.
1533627
1942-жылдын 26-ноябрында Сталинградда Германиянын армиясына каршы бир нече күнгө созулган коргонуу согушунан кийин советтик жоокерлер каршы чабуулга чыгышты. Сталинград согушу Экинчи Дүйнөлүк согушта немистердин аскердик үстөмдүгүн токтотту.
1943-жылдын 26-ноябрында Амасия, Чорум, Самсун, Токат, Орду жана Кастамону шаарларына таасирин тийгизген эпицентри Тосья жана Ладик болгон 7, 2 баллдык жер титирөөдөн 4 миңден ашуун адам каза болду. Жер титирөөдө 25 миңге жакын имарат зыян тартты.
1954-жылдын 26-ноябрында Стамбулдун тарыхый соода базары Капалычаршыда чоң өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен 1 миң 394 дүкөн жараксыз абалга келди. Оңдоо иштери 1 жылга созулду жана Капалычаршы кайрадан ачылды.