Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1532220
Тарыхта бүгүн

1859-жылдын 24-ноябрында британиялык окумуштуу Дарвиндин "Түрлөрдүн келип чыгышы" аттуу чыгармасы жарыяланып, илимий дүйнө менен диний мекемелердин ортосунда катуу талаш-тартыштарды жаратты. Дарвин өзүнүн китебинде биринчи жолу "Эволюциянын теориясы" тезисин алдыга койду.

1928-жылдын 24-ноябрында Түркияда «Улуттук мектептерди» негиздөө мыйзамы жарыяланды. Мустафа Кемал Ататүрк «башкы мугалимдикти» кабыл алынган күн болгон 24- ноябрь, Ататүрктүн туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналып 1981-жылдан тарта Түркияда «Мугалимдер күнү» катары белгилене баштады.

1934-жылдын 24-ноябрында президент Гази Мустафа Кемал Түркия Улуу Улуттук Парламентинде кабыл алынган мыйзам менен «Ататүрк» фамилиясын алды. Мыйзам боюнча «Ататүрк» фамилиясынын бир гана Гази Мустафа Кемал тарабынан колдонулушуна уруксат берилди.

2017-жылдын 24-ноябрында Египеттин Эль-Ариш шаарындагы бир мечитке Аль-Каидага мүчө террористтер тарабынан бомбалуу жана куралдуу кол салуу жасалды. Кол салууда 305 киши каза болуп, 100дөн ашуун киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар