Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1528133
Тарыхта бүгүн

1532-жылдын 16-ноябрында испан командир Франсиско Пизарро 168 кишиден турган бөлүгү менен 80 миң кишилик армияга командирлик кылган Инка императору Атахуалпаны жеңип туткунга алды.

1849-жылдын 16-ноябрында Орусияда сот «Кылмыш жана жаза» романынын автору Федор Достоевскийди өкмөткө каршы кыймылдарынан улам өлүм жазасына тартты. Өлүм жазасы кийинчерээк оор жумуш жазасына айландырылды.

1938-жылдын 16-ноябрында 10-ноябрда дүйнөдөн кайткан Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү Долмабахче сарайында катафалкага коюлду. Түрк улуту Ататүрккө болгон акыркы милдетин аткаруу үчүн Долмабахчеге агылды.



Тектеш кабарлар