Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1527479
Тарыхта бүгүн

1630-жылдын 15-ноябрында Күн системасындагы планеталардын тегерек орбита боюнча жылганын аныктап астрономия жаатында төңкөрүш жасаган немис окумуштуу Йоханнес Кеплер көз жумду.

1979-жылдын 15-ноябрында Грециянын жүк ташуучу кемеси «Еврения» менен 100000 тонна чийки мунайды ташыган Румыниянын «Индепендента» танкери Стамбул кысыгында кагышты. 51 моряк каза болгон окуядан кийин кысыкка жайылган мунайдын кесепетинен чыккан өрт бир нече күнгө созулду.

1983-жылдын 15-ноябрында Кипр Тынчтык операциясынан кийин түзүлгөн Кипр Түрк Федералдык Мамлекетинин парламенти бир добуштан кабыл алынган чечим менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы түзүлгөндүгүн жарыялады. Түзүү декларациясын президент Рауф Денкташ окуп берди.

1988-жылдын 15-ноябрында Көз карандысыз Палестина мамлекети бүткүл дүйнөгө жарыяланды. Түркия Палестин мамлекетин расмий түрдө тааныгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар