Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1526797
Тарыхта бүгүн

1889-жылдын 14-ноябрында New York World гезитинин кызматкери Нелли Бли 40 миң 71 чакырымга созулган дүйнөлүк саякатын баштады. Нелли Бли саякатына дем берген «Дүйнө жүзүн сексен күндө кыдыруу» китебинин автору Жюль Верн менен да саякаты учурунда таанышты.

1914-жылдын 14-ноябрында Фуат Узкынай биринчи түрк тасмасы болуп эсептелген «Аястефаностогу орус эстелигинин кулашын» тартты. Эстелик 1877-1878-жылдары Осмон-Россия согушунда курман болгон орус жоокерлеринин элесине арналып курулган. Биринчи дүйнөлүк согушта Осмон империясы Россияга каршы согуш жарыялагандан кийин эстеликти бузуу чечими кабыл алынган.

1944-жылдын 14-ноябрында Ахыска түрктөрү Сталиндин администрациясы тарабынан толугу менен сүргүнгө айдалды. Ахыска түрктөрү СССРдин курамындагы 13 аймакка таркатылды. Сүргүнгө каршы чыккан 24 миңге жакын Ахыска түркү өлтүрүлдү.



Тектеш кабарлар