Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1526671
Тарыхта бүгүн

1966-жылдын 13-ноябрында Танкалар менен колдоого алынган Израиль аскерлери Иордания чек арасынан өтүп 4 миң калктуу Саму айылына кол салышты. Кол салууда жүздөгөн карапайым тургун өлтүрүлдү.

1970-жылдын 13-ноябрында ылдамдыгы саатына 240 километрге жеткен «Бхола» бороону Бангладешти уруп өттү. Бир күндө болжол менен 500 миң адам каза болду. Бороон-чапкын 20-кылымдагы эң ири табигый кырсык деп эсептелет.

1985-жылдын 13-ноябрында Колумбияда «Невадо-дель-Руис» жанар тоосу атылды. Вулкандан улам эриген кар Армеро шаарын баткактын астында калтырды. Өкмөт эвакуация чечимин жокко чыгаргандан кийин шаардан чыга албаган 25 миң адам баткактын астында калып каза болду.

2015-жылдын 13-ноябрында Франциянын борбор шаары Париждин ар кайсы аймактарында террордук кол салуулар болду. Аль-Каиданын мүчөсү террористтер тарабынан жасалган кол салуулардын айынан 8и кол салгыч 138 киши каза болуп, 413 киши жараланды.



Тектеш кабарлар