Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1521024
Тарыхта бүгүн

1909-жылдын 4-ноябрында Стамбул-Багдад темир жолунун алкагында курулушу 9 жылда аяктаган Хайдарпаша темир жол бекети салтанаттуу азем менен ачылды. Планын немец архитекторлору Отто Риттер жана Гельмут Куно сызган станциянын имараты "Азиянын каалгасы" деп аталды.

1922-жылдын 4-ноябрында британиялык археолог Ховард Картер жана анын тобу фараон Тутанхамондун мүрзөсүн табышты. Биздин заманга чейин 1323-жылы көз жумган жаш фараондун мүрзөсүнүн тонолбостон табылышы археология тарыхында чыйыр салды. Тутанхамондун алтын маскасы менен бирге мүрзөсүнөн чыгарылган тарыхый экспонаттар Каир музейинде көргөзмөгө коюлган.

**

1979-жылдын 4-ноябрында Иран ыңкылабынан кийин Хомейничил жаштар АКШнын Тегерандагы элчилигин басып алып, 52 адамды барымтага алышты. Бул окуя АКШ менен Ирандын ортосундагы 444 күндүк барымта кризисинин башталышы болду. АКШ администрациясы барымтадагыларды куткаруу үчүн операция жүргүздү бирок АКШнын 8 жоокери жана Ирандын 1 жараны каза болгон операция ийгиликсиз аяктады.

2008-жылдын 4-ноябрында Кошмо Штаттарда биринчи жолу кара түстүү адам президент болуп шайланды. Демократиялык партиянын талапкери Барак Хуссейн Обама президенттик шайлоону жеңди. Обама АКШнын 44-президенти болду.



Тектеш кабарлар