Тарыхта бүгүн
Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.
644-жылдын 1-ноябрында Исламияттын 2-Халифасы Азирети Өмер Мединада багымдат намазын окуп жатканда, ага Лүлүе аттуу адам бычак менен кол салды. Кол салгыч өз жанын кыйды. Азырети Өмер болсо 3 күндөн кийин дүйнөдөн кайтты.
1755-жылдын 1-ноябрында Португалиянын борбор шаары Лиссабондо болгон катуу жер титирөө жана андан кийин болгон цунами 90 миң адамдын өлүмүнө себеп болду.
1923-жылдын 1-ноябрында Түркияда Республика жарыялангандан кийин акыркы Осмон падышасы Мехмед Вахдеттин тактысын таштап өлкөнүн тышына чыгып кетти. Түркия Улуу Улуттук Жыйыны да ошол эле күнү падышалыкты жоюп салды.
1954-жылдын 1-ноябрында Алжирдин Улуттук боштондук фронту Франциянын колониялык бийлигине каршы Көз карандысыздык согушун баштады. 8 жылга созулган согушта француздар 1,5 миллион алжирдикти өлтүрүштү.