Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1366324
Тарыхта бүгүн

1802-жылдын 26-февралында «Бактысыздар» жана «Нотр-Дамдын бүкүрүсү» аттуу романдардын автору Виктор Хюго Францияда төрөлдү.

1992-жылдын 26-февралында Карабах согушу учурунда армян бандиттери, Хожалы кыштагында куралсыз жарандарга кыргын салышты. Кыргында 106сы аял, 83ү баладан турган 613 Азербайжан түркү өлтүрүлдү. 487 киши оор жаракат алып аман калган кыргында 1 миң 275 киши барымтага түшүп калды жана 150 киши да дайынсыз жоголду. Аутопсияда баштары кесилген сөөктөрдүн көпчүлүгүнүн өрттөлгөндүгү жана көздөрүнүн оюлгандыгы аныкталды. Адам укуктарына байкоо салуу уюму, «Хожалы кыргынын» Карабах согушундагы эң ири жарандык кыргын деп мүнөздөдү.

2017-жылдын 26-февралында Лос-Анжелесте өткөрүлгөн 89-Оскар аземинде эң мыкты кино тасма сыйлыгын жеңген «Moonlight» киносунун актерлорунан Махершала Али «Жардамчы эркек оюнчу» сыйлыгын алды. Али Оскарды жеңген биринчи мусулман актер катары тарыхта калды.



Тектеш кабарлар