Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон окуялар.
1920-жылдын 28-январында Мисак-и Милли (Улуттук ант) Осмон мамлекетинин акыркы Мебусан Мажилиси тарабынан кабыл алынды. Эрзурум жана Сивас курултайларында негизги картасы чийилген жана 6 беренеден турган Мисак-и Милли, Биринчи Дүйнөлүк согуш аяктап калганда белгиленген чектердин өлкөнүн чек аралары экенин жарыялап Осмон мамлекетинин бөлүнүшүнө да каршы чыккан. Мисак-и Милли жарыялангандан кийин Шериктештер, айрым эл өкүлдөрдү Мальтага сүргүнгө айдады жана Стамбулду басып алды.
1982-жылдын 28-январында Түркиянын Лос-Анжелестеги башкы консулу Кемал Арыкан үйүнө бара жатып 2 армян террорист тарабынан шейит кылынды.
1986-жылдын 28-январында космостук кеме «Челленжер» АКШдан учурулгандан 73 мүнөт өткөндөн кийин абада жарылып кетти. Кырсыкта 7 космонавт каза тапты.
2007-жылдын 28-январында Ирактын шииттер жыш жашаган Нажаф шаарына барууну каалаган Америка күчтөрү менен шиит топтордун ортосунда кагылышуу болуп, анын кесепетинен 300гө жакын адам каза тапты.