Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1859 - жылы 24 - ноябрда британиялык илимпоз Дарвиндин илим дүйнөсү менен диний мекемелердин арасында катуу талаш - тартыштарга жол ачкан «Түрлөрдүн теги» аттуу чыгармасы жарыяланды. Дарвин китебинде «Эвалюциянын теориясын» ортого салды.
*** 1928 – жылы 24 - ноябрь күнү Түркияда «Элдик мектептерди» куруу мыйзамы жарыяланды. Мустафа Кемал Ататүрктүн «башкы мугалимдиги» кабыл алынган 24 - ноябрь Ататүрктүн төрөлүшүнүн 100 - жылына арналып 1981 - жылдан баштап Түркияда «Мугалимдер күнү» катары белгилене баштады.
*** 1934 - жылы 24 - ноябрда Президент Гази Мустафа Кемал Түркия Улуттук Парламентинде кабыл алынган мыйзам менен «Ататүрк» фамилиясын алды. Мыйзам боюнча «Ататүрк» фамилиясынын бир гана Гази Мустафа Кемал тарабынан колдонулушуна уруксат берилди.
*** 1976 - жылы 24 - ноябрда болсо Ван жана тегерегинде болгон 7, 2 баллдык жер титирөөдө 3 миң 840 киши каза болду.
*** 1989 - жылы 24 - ноябрда ПКК террористтери Хаккаринин Икияка айылында кыргын кылды. 28 киши террористтер тарабынан өлтүрүлдү. Алардын ичинен көпүчлүгү балдар менен аялдар болгон.
*** 1991 - жылы 24 - ноябрь күнү дүйнөгө белгилүү Куенн группасынын солистти Фредди Меркури Лондондо көз жумду.
*** 2015 - жылы 24 - ноябрда Түркия - Орусия карым - катнаштарында жакын тарыхтагы эң чоң кризис болду. Сириянын Латакия шаарынан учкан Орусия аба күчтөрүнө караштуу Су - 24 моделиндеги аскердик учак Түркиянын аба аянтын бузганы үчүн түрк Ф - 16лар тарабынан атып түшүрүлдү.
*** 2017 - жылы 24 - ноябрда болсо Египеттин Ел Ариш шаарында бир мечитке Аль Каида мүчөсү террористтер тарабынан бомбалуу жана куралдуу кол салуу жасалды. Кол салууда 305 киши каза болуп, 100дөн ашуун киши жараланды.