Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон манилүү окуялар.

1302885
Тарыхта бүгүн

*** 1605 -  жылы 5 -  ноябрда Британияда король 1 -  Жеймс жана протестант аристократтарды өлтүрүүгө карата католик англистердин  тузагы ортого чыгарылды. Кол салуучу  Гай Фокс Вестминстер сарайындагы парламент имаратын жардыргандан мурда кармалды. Бул окуя англис саясий тарыхына «Барут тузагы» деп өттү.

 

*** 1914 -  жылы 5 -  ноябрь күнү  Британия менен Франция Орусиядан кийин Осмон империясына согуш жарыялады. Британия өзгөчө 1878 – жылдан бери башкаруучулугун  аткарып келген Кипрды аннекция кылды.

 

*** 1922 – жылы 5 -  ноябрда болсо Исмет пашанын жетекчилигиндеги Түркия Улуттук Парламентинин делегациясы  Лозан тынчтык конференциясына катышуу үчүн Швейцарияга барды.

 

*** 1986 -  жылы 5 -  ноябрда 1941 -  жылы чыккан өрт менен тарыхый имараттары колдонулбай турган абалга келген Стамбул православ Фенер рум патриархатынын кайрадан курулушуна уруксат берилди.

 

*** 1991 -  жылы 5 -  ноябрда Филиппиндерде болгон селде 7 миң киши каза болду.

 

*** 2006 -  жылы 5 -  ноябрь күнү 2 -  Булуң согушунан кийин качкын абалына түшкөн жана Тикрит жакындарында кармалган Ирактын кулатылган лидери Саддам Хүсейин чыгарылган сотто өлүм жазасына тартылды. Сот 1982 -  жылы Дужейл шаарында 142 шиит ирактыктын өлүтүрүлүшүнөн Саддам Хүсейиндин жооптуу экендигине чечим чыгарылды. Өлүм жазасы чечими жогорку сот тарабынан бекитилгенден кийин 30 -  декабрда Багдатта Саддам Хүсейиндин өлүм жазасы аткарылды.

*** 2006 -  жылы 5 -  ноябрь күнү 1974 -  жылы Кипр Тынчтык Кыймылы менен бүткүл дүйнө тааныган Түркиянын мурунку премьер   министрлеринен Бүлент Эжевит дарыланган ГАТАда дүйнөдөн кайтты.



Тектеш кабарлар