Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон окуялар.

1124050
Тарыхта бүгүн

 

*** Англиянын Лондон шаарындагы дүйнөнүн бардык жагынан алып келинген тандамал байыркы доордун чыгармалары жана этнография коллекцияларын камтыган Британия музейи 1759 -  жылы Монтегю үйүндө ачылды.

1753 -  жылы дарыгер жана натуралист сэр Ханс Слоун чогулткан китеп, кол жазма жана табигый тарыхый  заттар коллециясынын англис өкмөтү тарабынан сатып алынышы менен курулган андан кийин калтырылган мурастар жана жасалган багыштар менен китептер, кол жазмалары, теңгелер жана антикалардан турган кенен бир коллекцияга ээ болгон Британия музейинин бүгүнкү имаратына 1847 -  жылы көчтү.

 

*** 1892 -  жылы баскетболдун эрежелери, оюн жаралган жер болуп саналган Спрингфилд, Массачусетсте доктор Жеймс Нейсмит тарабынан биринчи жолу жарыяланды. Майя уруусунун Тлахиотение оюнунан алынып канадалык спорт машыктыруучусу Джеймс Нейсмит тарабынан өнүктүрүлгөн баскетбол алгачкы жылдарда атлетика жана бейсболчуларды кышкы машыктырууда   ойнолгон.

 

*** 1952 -  жылы АКШ Түркиянын Түндүк Атлантика Келишим Уюмуна тактап айтканда НАТОго киришин бекитти.

*** Европанын Хорватия жана Словениянын көз карандысыздыгын таанышы менен Югославия 1992 -  жылы расмий түрдө таркады.

 

***  Түркиянын эң таанылган футболдук клубдарынан болгон Галатасарайдын ички аянттагы футболдук оюндарына үй ээлик кылган Түрк Телеком Арена стадиону 2011 -  жылы Галатасарай жана AFC Ajax ортосунда ойнолгон достук максатындагы оюн менен ачылды.



Тектеш кабарлар