Анкарада 88-Улуу Ататүрк жарышы өттү

Жарыштар Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн Анкарага келишинин 104 жылдыгына карата уюштурулду.

2080196
Анкарада 88-Улуу Ататүрк жарышы өттү

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн Анкарага келишинин 104 жылдыгына карата уюштурулган 88-Улуу Ататүрк жарышында айымдар арасында Нурсена Чето, эркектер арасында Бахаттин Үней жеңишке жетишти.

Ар түрдүү жаш категорияларында өткөрүлгөн жана 2 миңге жакын киши катышкан жарышта Нурсена Чето 29.06.27 көрсөткүчү менен айымдар жарышында биринчиликти алды.

Экинчиликти 29,32,64 көрсөткүчү менен Пынар Демир, үчүнчүлүктү 29,45,58 көрсөткүчү менен Хасибе Демир алды.

Эркектер категориясында 24.06.23 көрсөткүчү менен Бахаттин Үней биринчиликти алды.

Рамазан Өздемир 24.19.19 көрсөткүчү менен экинчи, Абдуррахман Гедиклиоглу 24.29.15 көрсөткүчү менен үчүнчү орунду алды.

Жарышта орун алган спортчуларга кубок жана медалдарды Анкара губернаторунун орун басары Жем Афшин Акбай, Түркиянын жеңил атлетика федерациясынын төрагасы Фатих Чинтимар, Анкара жаштар жана спорт облустук директору Мустафа Челик тапшырды.



Тектеш кабарлар