Волейболдо Түркия Грецияны 3-1 эсебинде утту

Өз тайпасындагы биринчи жеңишине жетишкен улуттук курама төртүнчү беттешинде Португалия менен 4-сентябрда беттешет.

2032338
Волейболдо Түркия Грецияны 3-1 эсебинде утту

Түркиянын Волейбол боюнча Улуттук эркектер курама командасы CEV Европа чемпионатынын D тайпасындагы үчүнчү беттешинде Грецияны 3-1 эсебинде жеңди.

Өз тайпасындагы биринчи жеңишине жетишкен улуттук курама төртүнчү беттешинде Португалия менен 4-сентябрда беттешет.

Израилдин Тель-Авив шаарындагы Шломо Группа залында өтө турган беттеш Түркия убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Тордун Эфелери D тайпасында биринчи беттешинде Францияга, андан кийин Румынияга утулуп, Грецияга каршы жеңиш менен талаадан чыкты.

Улуттук кураманын атаандашы Португалия Румынияны жеңип, Греция менен Францияга утулуп калды.

Франция жеңилбестен 1-орунда турган D тайпасында 2 беттеште жеңишке жеткен үй ээси Израиль 2-орунда. Португалия, Түркия, Греция жана Румыния 1ден жеңиш менен Франция жана Израилден кийинки орунда.

Түркия 5-сентябрь шейшемби күнү саат 20:00дө баштала турган Израиль беттеши менен тайпалык баскычты аяктайт.

Тайпалык этапта 24 команда ат салышат, аны Италия (А тобу), Болгария (В тобу), Түндүк Македония (С тобу) жана Израиль (D тобу) өткөрөт.

Тайпалардан эң мыкты 4 команда чыга турган 16 команда ойноочу тур оюндары 9-10-сентябрда, чейрек финал Италиянын Бари жана Болгариянын Варна шаарларында 11-12-сентябрда өтөт.

Жарым финал Италиянын Бари шаарында 14-сентябрь бейшемби күнү, 3-орун жана финалдык беттештер 16-сентябрь ишемби күнү Римде ойнолот.



Тектеш кабарлар