Галатасарай атаандаш талаасында Олимпия Люблянаны оңой жеңди...

Борбор шаар Люблянанын Стозице стадионунда саат 22.00дө башталган беттешти швециялык калыс Андреас Экберг башкарды.

2022111
Галатасарай атаандаш талаасында Олимпия Люблянаны оңой жеңди...

 Галатасарай УЕФА Чемпиондор лигасынын 3-Тандоо турунун биринчи оюнунда Словениянын өкүлү Олимпия Люблянаны атаандаш талаасында 3-0 эсебинде жеңди.

Борбор шаар Люблянанын Стозице стадионунда саат 22.00дө башталган беттешти швециялык калыс Андреас Экберг башкарды.

Оюнда Галатасарайдын голдорун 9-мүнөттө Керем Актүркоглу, 48-мүнөттө Дрис Мертенс жана 90+2-мүнөттө Халил Дервишоглу киргизди.

Атаандашын 3:0 эсебинде утуп алган сары кызыл түстүү команда олуттуу артыкчылыкка ээ болду.

Бул беттештин жооптук беттеши 15-август шаршемби күнү Стамбулда болот.



Тектеш кабарлар