Арда Гүлер Реал Мадридде

Клубтан жасалган билдирүүдө Реал Мадрид менен Фенербахченин трансфер боюнча макулдашууга жетишкени жана Арда Гүлердин 6 жылдык келишимге кол кое турганы белгиленди.

2008055
Арда Гүлер Реал Мадридде

Испаниянын 1-Футбол лигасынын командаларынан Реал Мадрид, Фенербахченин улуттук футболчусу Арда Гүлер менен 6 жылдык келишим түзүлгөнүн жарыялады.

Клубтан жасалган билдирүүдө Реал Мадрид менен Фенербахченин трансфер боюнча макулдашууга жетишкени жана Арда Гүлердин 6 жылдык келишимге кол кое турганы белгиленди.

Реал Мадрид менен келишим түзүү үчүн Испанияга барган улуттук футболчу эртең Түркия убактысы боюнча саат 13.00дө Мадриддин Вальдебебас аймагындагы Реал Мадрид Sportive City имаратында басма сөзгө тааныштырылат.

Ошол эле учурда дүйнөнүн эң чоң клубдарынын бири болгон Реал Мадрид Арда Гүлердин трансферин социалдык медиа эсебинен түркчө билдирүүсү менен жолдоочуларына жарыялады.

Арда Гүлердин трансферинен мурда түрк тилинде «жүктөө» дегенди бөлүшкөн борбор шаардын командасы кийинки билдирүүлөрүндө трансфер жана анын чоо-жайын жарыялашты.

Бир тараптан Фенербахче клубу улуттук футболчу Арда Гүлердин Реал Мадридге 20 миллион евролук бонсервис жана көрсөткүчүнө жараша эң көп 10 миллион евро бонус үчүн өткөнүн жарыялады.



Тектеш кабарлар