Самсунспор баскетболдо да Супер Лигада...

Самсунспор баскетбол клубу чейрек финалда Харемди, жарым финалда Sigortam.Netти жеңип финалда Semt77 Yalova менен атаандаш болгон.

2003333
Самсунспор баскетболдо да Супер Лигада...

Супер лигага чемпион катары көтөрүлгөн Самсунспор футбол клубунан кийин Самсунспор баскетбол командасы да Супер лигага жогорулады.

Кадимки сезонду 2-орунда бүтүрүп плей-оффко өткөн Самсунспор баскетбол клубу чейрек финалда Харемди, жарым финалда Sigortam.Netти жеңип финалда Semt77 Yalova менен атаандаш болгон.

Самсундагы алгачкы 2 беттешүүдө жеңишке жеткен кызыл-актар ​​кечээ үчүнчү беттешинде атаандашы менен Яловада ойноду.

Самсунспор матчты 65-58 упай менен утуп абалды 3-0го алып келди жана Баскетбол Супер Лигасына көтөрүлдү.

Ушундайча Самсунспордун футбол жана баскетбол командалары жаңы сезондо Түркиянын жогорку лигаларында ойношот.



Тектеш кабарлар