Конференция лигасында атаандаштар жарыяланды...

Швейцариянын Ньон шаарындагы УЕФАнын борборунда өткөн чүчүкулак менен клубдук деңгээлдеги Европа футболунун №3 турниринин экинчи тандоо турунун жуптары аныкталды.

2002952
Конференция лигасында атаандаштар жарыяланды...

УЕФА Европа Конференция лигасынын 2- тандоо турунда ат салышкан Адана Демирспор, Бешикташ жана Фенербахче командаларынын атаандаштары аныкталды.

Швейцариянын Ньон шаарындагы УЕФАнын борборунда өткөн чүчүкулак менен клубдук деңгээлдеги Европа футболунун №3 турниринин экинчи тандоо турунун жуптары аныкталды.

2-тандоо туруна түздөн-түз катышкан Адана Демирспор, Бешикташ жана Фенербахче да арасында болгон 59 команда, 1-тандоо турунан өткөн 31 команда, УЕФА Чемпиондор лигасынын алдын ала тандоо турунда четтетилген 3 команда жана 1-квалификациялык турда четтетилген 13 команда чүчү кулакка катышты.

Чучукулактын жыйынтыгында Адана Демирспор менен Румыниянын CFR Cluj командасы туш келди.

Бешикташ Тирана (Албания) – Динамо Батум (Грузия) жуптугунун жеңүүчүсү менен, Фенербахче болсо Ла Фиорита (Сан-Марино) – Зимбру (Молдова) жуптугунун жеңүүчүсү менен беттешет.

Алгачкы беттештер 27-июлда, жооптук беттештер 3-августта өтөт.

Адана Демирспор алгачкы беттешин атаандаш таасында өткөрсө, Бешикташ менен Фенербахче өз талаасында ойнойт.



Тектеш кабарлар