Тордун султандары Нидерландияны жеңди

Түркиянын волейбол боюнча улуттук кыздар курама командасы 2023 FIVB Улуттар Лигасынын 2-жумасынын 2-матчында бүгүн саат 12:00дө Польша менен ойнойт.

1999851
Тордун султандары Нидерландияны жеңди

Тордун Султандары кыз-келиндер арасындагы 2023-жылкы Улуттар Лигасынын экинчи жумасын Нидерландия жеңиши менен баштады.

Гонконгдо ойнолгон 2-жума этабын Нидерландияны 3-0 эсебинде жеңүү менен баштаган тордун султандары, 2023-жылкы Улуттар Лигасында бул сезондо өткөрүлгөн 5 матчта 4 жолу оюн талаасынан кубаныч менен кайтты.

Түркиянын волейбол боюнча улуттук кыздар курама командасы 2023 FIVB Улуттар Лигасынын 2-жумасынын 2-матчында бүгүн саат 12:00дө Польша менен ойнойт.

Эртең саат 8:00дө Канада менен беттеше турган улуттук команда 18-июнь жекшемби күнү Доминикан Республикасы менен этаптын акыркы беттешин өткөрөт.

Бардык беттештер TRT Spor каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

16 команда ат салышкан Улуттар Лигасында үч жуманын жыйынтыгында эң мыкты 8 команда финалга чыгуу укугуна ээ болот.

Финалдар 12-16-июлда АКШнын Арлингтон шаарында өтөт.



Тектеш кабарлар