Мучованын финалдагы атаандашы Свёнтек...

Борбор шаар Парижде өткөрүлгөн турнирдин 12-күнүндө дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турган Свёнтек 14-орунду ээлеген бразилиялык Беатриз Хаддад Майа менен беттешти.

1997385
Мучованын финалдагы атаандашы Свёнтек...

Мучованын финалдагы атаандашы Свёнтек болду...

Теннис боюнча сезондун экинчи чоң шлем турниринде Ролан Гарросто кыз-келиндер арасында польшалык Ига Свёнтек финалда чехиялык Каролина Мучованын атаандашы болду.

Борбор шаар Парижде өткөрүлгөн турнирдин 12-күнүндө дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турган Свёнтек 14-орунду ээлеген бразилиялык Беатрис Аддад Майя менен беттешти.

Жалпысынан 2 саат 9 мүнөткө созулган оюнда атаандашын 6-2 жана 7-6 сеттер менен 2-0 эсебинде жеңген Свёнтек турнирде үчүнчү жолу финалга чыкты.

Ролан Гарросто эки чемпиондугу бар польшалык теннисчи эртең өтө турган финалда чехиялык спортчу Каролина Мучова менен беттешет.



Тектеш кабарлар