Анадолу Эфес акыркы секундда серияны теңеди
Түркия Камсыздандыруу Баскетбол Супер лигасынын плей-офф жарым финал сериясынын экинчи беттешинде Анадолу Эфес Фенербахче Бекону 92-90 эсебинде жеңди.
1995673
Анадолу Эфес акыркы секундда серияны теңеди...
Түркиянын Камсыздандыруу Баскетбол Супер лигасынын плей-офф жарым финал сериясынын экинчи беттешинде Анадолу Эфес Фенербахче Бекону 92-90 эсебинде жеңди.
Сары-кочкул көк түстүү команда биринчи таймды 25-16, биринчи жарымды 45-40 эсебинде алдыда бүтүрдү.
Үчүнчү чейректе коргонуусун бекемдеген Эфес 65-61 айырма менен алдыга чыкты.
Акыркы секундада Клиберндин үч упай топу чоң таймаштар менен коштолгон финалдык беттеште ак-кочкул көк түстүү команданы жеңишке жеткирди.
Атаандашын 92-90 эсебинде жеңген Эргин Атамандын командасы, серияда 1-1 эсебинде тең чыкты.
Мелдештеги үчүнчү беттешти эртең Анадолу Эфес өткөрөт.
«Синан Эрдем» спорт залындагы беттеш саат 20:00дө башталат.