Түркия жаа атуу боюнча эки алтын медаль алды
Хорватияда өткөрүлгөн Жаа атуу боюнча Европа Гран-присинин экинчи мелдешинде улуттук спортчулар Мете Газоз менен Батухан Акчаоглу алтын медалга ээ болушту.
1994897
Хорватияда өткөрүлгөн Жаа атуу боюнча Европа Гран-присинин экинчи мелдешинде улуттук спортчулар Мете Газоз менен Батухан Акчаоглу алтын медалга ээ болушту.
Классикалык жаа категориясында Мете Газоз словениялык Ден Хабжан Малавашичти 6-4 эсебинде жеңип алтын медаль алды.
Ролик жаа категориясында Батухан Акчаоглу финалда италиялык Мичеа Годано менен беттешти. Атаандашын 149-144 эсебинде жеңген Батухан алтын медалдын ээси болду. Батухан Акчаоглуга Түркиянын Загреб элчиси Явуз Селим Кыран медалын тапшырды.
Түрк спортчулары мелдешти 4 алтын жана 1 коло болгон жалпы 5 медаль менен жыйынтыктады.