Мерве Динчелден алтын медаль...
Борбор калаа Бакудагы чемпионаттын үчүнчү күнүндө улуттук спортчулардан кыз-келиндер арасында 49 килограммда Мерве Динчел татамиге чыкты.
Мерве Динчелден алтын медаль...
Азербайжанда өткөрүлгөн таэквондо боюнча дүйнөлүк чемпионатта Мерве Динчел алтын медалга ээ болду.
Борбор калаа Бакудагы чемпионаттын үчүнчү күнүндө улуттук спортчулардан кыз-келиндер арасында 49 килограммда Мерве Динчел татамиге чыкты.
Мерве Динчел экинчи турда Елизавета Ряднинскаяны, үчүнчү турда саудиялык Дуня Али Абуталебти жеңип чейрек финалга өттү.
Чейрек финалда казакстандык Ботакөз Капанованы, жарым финалда испаниялык Адриана Серезо Иглесиасты жеңген Мерве финалда акыркы Олимпиада чемпиону таиланддык Панипак Вонгпаттанакит менен беттешти.
Атаандашын жеңген Мерве алтын медалга ээ болду.
Тектеш кабарлар
Супер лигада сезон жыйынтыкталды
Галатасарай конокто TÜMOSAN Коньяспорду 3-1 эсебинде жеңип чемпиондукту алды.