Галатасарай Медипол Башакшехирди 1 - 0 эсебинде утту
Лидер Галатсарай Спор Тото супер лигасынын 33 - жумасында аянтында Медипол Башакшехирди 1 - 0 эсебинде утуп айырманы 5ке чыгарды.
1984058
Лидер Галатсарай Спор Тото супер лигасынын 33 - жумасында аянтында Медипол Башакшехирди 1 - 0 эсебинде утуп айырманы 5ке чыгарды.
Супер лигада ойнолгон Стамбул дербисинде Галатасарай Медипол Башакшехирди Неф стадионунда тосуп алды.
Үй ээси команда 45 - минутада Икардинин пеналтыда киргизген голу менен беттешти 1 - 0 эсебинде утуп алды.
Бул жыйынтыктан кийин экинчи орундагы Фенербахче упай жоготкон жумада лидер Галатасарай упайын 73кө жогорулатты.
Эки оюндук жеңиш сериясы аяктаган Медипол Башакшехир 51 упайга ээ болду.