Интер Ювентусту жеңип финалга чыкты
Италия кубогунун акыркы чемпиону Интер экинчи оюнда Ювентусту 1:0 эсебинде утуп, финалга өттү.
Италия кубогунун акыркы чемпиону Интер экинчи оюнда Ювентусту 1:0 эсебинде утуп, финалга өттү.
Интер жарым финалдын биринчи беттешинде атаандаштын талаасында 1 - 1 барабар болгон эзелки атаандаштарынан Ювентусту Жузеппе Меацца стадионунда кабыл алды.
Үй ээси болгон команда Федерико Ди Марконун 15 - минутада киргизген голу менен Ювентусту 1 - 0 эсебинде утту жана Италия кубогунда жарым финалга чыккан тарап болду.
Интер тайпасындагы улуттук футболчу Хакан Чалханоглу да биринчи 11де баштаган оюнда 83 - минутага чейин ойноду андан кийин ордун Роберто Гаглиардиниге калтырды.
Интердин финалдагы атаандашы бүгүн кечинде ойноло турган Фиорентина-Кремон матчынан кийин аныкталат.
Фиорентина атаандаштын талаасындагы биринчи оюнда Кремонезди 2-0 эсебинде жеңип, реванш беттештин алдында олуттуу артыкчылыкка ээ...
Түркия убактысы боюнча саат 22:00да баштала турган беттеш ТРТСпорт экрандарынан түз эфирде жарыяланат.