Криштиану Роналду эми Аль-Насрда ойнойт

Роналдуну тосуп алууга келген миңдеген күйөрмандар Mrsool Park стадионун толтурду.

1927724
Криштиану Роналду эми Аль-Насрда ойнойт

Аль-Насрдын күйөрмандары Криштиану Роналду менен жолугушту.

Роналдуну тосуп алууга келген миңдеген күйөрмандар Mrsool Park стадионун толтурду.

Португалиялык жылдыз Сауд Арабиянын командасы менен 2 жарым жылга келишим түзүп, андан соң билдирүүлөрдү жасады.

«Бул менин карьерамдын аягы эмес», - деп айткан Роналду: «Бул жерде болуу жагымдуу. Мен Европадагы бардык рекорддорду жаңыладым жана бул жерде да рекорддорду жаңырткым келет»,-деди.

Европадагы карьерасынын соңуна чыкканын белгилеген тажрыйбалуу футболчу, трансферине карата айтылган сындарга маани бербегенин айтты.

Роналду үй-бүлөсүнүн аны колдогонун жана Арабияда болуу үчүн бактылуу экенине көңүл бурду.

Андан соң 37 жаштагы ысым жаңы командалаштары менен кийим алмаштыруучу жайда бир бирден саламдашты.

Жана күтүлгөн учур келди.

Ал-Насрдын миңдеген күйөрмандары жылдыз оюнчу менен жолугушту.



Тектеш кабарлар