Англия чейрек финалга оңой өттү

ТРТ 1де түз эфирде көрсөтүлгөн беттеште Англия атаандашын 3-0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыгып, Франциянын атаандашы болду.

1914478
Англия чейрек финалга оңой өттү

2022 FIFA Дүйнөлүк Чемпионатында Англия 1/8 финалда Сенегалды 3:0 эсебинде утуп, чейрек финалга атын жаздырды.

Англия чейрек финалда Франция менен беттешет.

Аль-Байт стадионунда ойнолгон беттештин 39-мүнөтүндө Англия Хендерсон менен алдыга чыкты, 45+3-мүнөттө  Кейн менен эсепти 2ге жеткирди.

Мүнөттөр 57ни көрсөткөндө Сака оюнун көрсөтүп, Фодендин пасы менен топту дарбазага киргизип эсепти аныктады.

ТРТ 1де түз эфирде көрсөтүлгөн беттеште Англия атаандашын 3-0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыгып, Франциянын атаандашы болду.

Англиянын жылдыз оюнчусу Гарри Кейн Сенегалдын дарбазасына гол киргизип, турнирдеги алгачкы голун киргизген болду.

2018-жылы Орусияда ойногон дүйнөлүк чемпионатта 6 гол киргизген Кейн, дүйнөлүк чемпионаттардагы жалпы гол санын 7ге жеткирди.

Ал ортодо беттеш алдында кызыгып турган Рахим Стерлингдин оюндан четтетилишинин себеби белгилүү болду.

Британ басма сөзүндөгү кабарга караганда, Стерлинг үйүн куралчан адамдар тоноп, Англияга кайтып келгендиктен улуттук команданын лагерин таштап кеткен.

Бул тууралуу билдирүү жасаган Англия курама командасынын машыктыруучусу Гарет Саутгейт : «Стерлинг үчүн приоритет үй-бүлөсү менен болуу. Кайтып келер-келбесин билбейм, бирок ага басым жасагым келбейт. Футбол кээде эң маанилүү нерсе эмес, үй-бүлө биринчи орунда турат»,-деди.



Тектеш кабарлар